Кардарларды көбөйтүү жана жоготпоо үчүн жаңы чечим ойлоп табылды

Бүгүнкү күндө жеке компаниялардын ортосунда ар бир потенциалдуу кардар үчүн күрөш күч. Бир кардарды табуу - кошумча 5 кардарды табууга тете. Ошон үчүн рыноктогу атаандаштык шарттарында адамдарды жоготпоо жана тартуу боюнча түрдүү ыкмалар бар. Алардын эң пайдалууларынын бири катары автоматташтырылган телефондук станция (АТС) саналат. “Билайн” компаниясы чакан жана орто бизнес үчүн АТСтин виртуалдык түрүн ойлоп таап, ишке ашырууда.

Виртуалдык АТС деген эмне? Аны колдонгон компания кандай пайда табат? Баасы канча? Ушул жана башка суроолор менен “Билайндын” ири бизнес менен иштөө боюнча жетекчиси Таалайбек Асанкул уулуна кайрылдык.

“Билайндын” ири бизнес менен иштөө боюнча жетекчиси Таалайбек Асанкул уулу

- Виртуалдык АТС деген эмне?

- АТС – бул компаниянын ичинде байланышты жеңилдеткен систем. Анын ар кандай түрлөрү бар. Виртуалдык АТС интернет аркылуу иштейт, ага эч кандай кымбат жабдууну сатып алуунун кереги жок. Виртуалдык АТСти колдонуу жеңил жана оңой, бул системди башкаруу үчүн IT-адисти чакыруу зарыл эмес.

Мисалы, сиз айнек саткан компаниянын жетекчисисиз. Сатып алуучуларды тартуу үчүн түрдүү гезиттерге, интернет-сайттарга акча төлөп жарнамаларды чыгарасыз. Кардарлар жарнамадагы телефон номери аркылуу чалганда номер бош эмес болуп калышы мүмкүн же кеңсеңиздеги жооптуу кызматкерлер чалууга жооп бербей коюшу ыктымал. Жыйынтыгында потенциалдуу кардарыңыз башка атаандаш компанияга чалып, айнектерин сатып алат, ал эми сиз кардарсыз жана акчасыз каласыз. Виртуалдык АТС дал ушул маселени чечүү үчүн ойлоп табылды.

- Виртуалдык АТСти колдонгон компания эмнеден утат?

- Биринчиден, кардарлардын телефон аркылуу чалуулары жоопсуз калбайт. Жарнамаңыздагы телефон номерине түшкөн чалуулар компанияңыздагы кызматкерлердин номерлерине жиберилет. Бири бош болбосо, экинчиге жиберилет, экинчи бош болбосо үчүнчүгө жана ушул сыяктуу уланат. Кардарлар сиздин продукцияңызды сатып алып, жарнамага кеткен акчаңыз өзүн актайт.

Экинчиден, сиз жетекчи катары кабыл алынган жана кабыл алынбаган чалуулардын бардыгын көрө аласыз. Ошондой эле сүйлөшүүнүн жазуусун уга аласыз. Кыскасы, сизде кызматкерлерди көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк ачылат.

Үчүнчүдөн, эгер потенциалдуу кардар номерге чалып, бирок байланыша албай калса, ага автоматтуу түрдө компанияңыздын атынан кечирим сураган жана арзандатууну сунуштаган СМС жөнөтсө болот. Ошентип, кардар атаандашка эмес, сиздин компанияңызга кайра чалып калышы толук ыктымал. Мындан улам сиз кардарды жоготпойсуз.

- Виртуалдык АТСти иштеткен компаниялар эмне дешүүдө?

- Бүгүнкү күндө өлкөдө 3 компания виртуалдык АТСти тест режиминде колдонуп жатат. Жакшы пикирлерин айтышууда. Биз каалаган компанияга 2 жумага текшерүү үчүн систем ачып беребиз, эч кандай документтин жана акы төлөөнүн кереги жок. Эгер компанияга виртуалдык АТС жакса, ыңгайлуу тарифти аныктап келишим түзөбүз. Компания бул систем аркылуу эң аз дегенде 3 миң сом тапса, анда виртуалдык АТС өзүн актады десек болот. Божомолубуз боюнча АТСтин жардамы менен компаниянын кирешеси 20-25 пайызга өсүшү күтүлүүдө.

- Баасы канча?

"Базалык" ("Базовый") тарифинин баасы айына 1499 сом. Ага ылайык, бир номерге 3 кызматкерди байласа болот.

"Өнүктүрүлгөн" ("Продвинутый") тарифинин баасы айына 2498 сом. Ага ылайык, бир номерге 5 кызматкерди байласа болот.

"Бизнес" тарифинин баасы айына 3998 сом. Ага ылайык, бир номерге 10 кызматкерди байласа болот.

Мындан тышкары кошумча кызматтар бар, алар: аналитика, кошумча кызматкерди кошуу, пайдалуу сатуулар ж.б. Алардын баасы 250-500 сом. Байкаганыбыз боюнча, компаниялар көбүнчө "Өнүктүрүлгөн" тарифин тандашууда.

- Интернети начар аймактарда виртуалдык АТС токтоп калбайбы?

- Виртуалдык АТС биздин серверде иштейт. Ошондуктан биздин серверде интернет болсо, анда систем иштей берет. Компания өлкөнүн кайсы аймагында жайгашпасын, интернеттин зарылдыгы жок, анткени телефон чалуулар сим-картага түшөт.

- Маегиңизге чоң рахмат!

Виртуалдык АТС тууралуу суроолорду ats@beeline.kg дарегине жөнөтүп же 0628 жана 0 (775) 58-06-28 телефон номерлери аркылуу кененирээк маалымат ала аласыздар.

Виртуалдык АТС тууралуу видеону бул жактан көрө аласыздар.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан