Бишкек мэриясы шаардагы сейил бактардын аймагындагы мыйзамсыз сатылган жерлерге байланышкан документтердин топтомун УКМКга өткөрүп берген. Бул тууралуу мэр Иса Өмүркулов бүгүн, 27-июнда отчёт берип жатып маалымдады. “Сейил бактардын аймагындагы жерлер тууралуу көптөгөн сөздөр айтылууда. Ахунбаев-Байтик баатыр көчөлөрүндөгү аймак тууралуу айта турган болсок, ал аймактагы 2 участок 2007-2009-жылдары эле сатылып кеткен. Бул маалда мен мэр эмес болчумун”,- деди Өмүркулов. Айтымында, мэрия эс алуучу аймактардан жеке тараптарга мыйзамсыз өткөрүлгөн жерлер боюнча 2500 фактынын бетин ачкан. “Мен бул жерлердин берилип кетишине каршымын. Баарын сот аркылуу чечебиз. Мыйзамсыз берилген жер тилкелери боюнча документтер топтому УКМКга өткөрүлүп берилген”,- дейт Өмүркулов.