Японияда медайым оор абалдагы бейтаптар анын нөөмөтүндө көз жумбашы үчүн аларды өлтүргөн

Японияда медайым бейтаптар анын нөөмөтүндө көз жумбашы үчүн аларды өлтүргөн. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Япониянын Йокагама шаарында Аюми Кубоки аттуу медайым оор абалдагы бейтаптарды өлтүрүп жүргөнү белгилүү болгон. Мындай кадамга ал бейтаптар анын нөөмөтүндө көз жумбашы үчүн жана туугандарына мындай кабарды угузганга мажбур болбош үчүн барган.
Полиция кызматынын айтымында, 31 жаштагы Кубоки оор абалдагы Созо Нишикаве аттуу бейтапка 2016-жылы антисептикалык инъекцияны сайып өлтүргөн. Кубокинин колунан каза болгондордун саны мындан да көп болушу мүмкүн экенин жана азыркы тапта иликтөө ишери жүрүп жататканын полиция кызматы кошумчалаган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Pandora
2018-07-12 14:23:16
Шумдугун кур десе дуйнону адамдар эмей эле,адам корунушундогу жырткычтар кобойуп баратат.Тообо кылдым,кудай сактай кор...
+4
vikidiki
2018-07-12 14:35:13
Ишененген кожон сууга акса алды алдынан тал карма болуптур да.
+4
Asatilla.1983
2018-07-12 15:06:39
Супер инфо туура жазгыла
+6
RuslanaG1
2018-07-12 15:22:19
Asatilla.1983,ошону айтсан, анын ноомотундо коз жумбашы учун олтургон дейт, анан озунун ноомот убагында олтуро турган уколду сайбай башка медсестранын ноомотундо келип сайып кете бекен ,кызык тушунуксуз
+6
aibars
2018-07-12 16:32:52
RuslanaG1, Тушунуктуу эле жазылып турат, бул кемпай укол сайып кетет анан оорукчан башка врачтын иш устундо олот. Негизи адамдын олоорун Жараткан Аллах эле билетда.
0
Azatbek.Svoboda.
2018-07-12 15:40:37
Тушундуруп жазсанар Супер-Инффффффооооо!
+3
tatum67
2018-07-12 15:58:56
Түшүнүктүү болуп эле турат гоо, смени келгиче кундуз деле иштейт да ошол убакта бейтаптарга дары сайчу турбайбы анан ошол күнү нөөмөттө калган медсестранын сменинде көз жумат да бейтап. Кабар угузган адамды ким эле жакшы корсун ошол оор кабарды угузгандан качса керек
-1
Malik92
2018-07-12 18:16:14
Эми биздин медиктерге Кудайым Ыйман берсин.
+5
aman0296
2018-07-12 18:48:49
Теманы эч эле тушунбой койдум
0
surgeon777
2018-07-12 19:19:56
Сменин тапшыраарда укол сайып кетет,ал кеткенден кийин жарым саат же бир-эки саатта башка бироонун сменинде олот,анан башка киши туугандарына угузат..неси тушунуксуз?
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан