"Бакай Банктын" “Белектер жылы” акциясы өз нугунда, “Золотая Корона” системи аркылуу акча которууга шашылыңыз!

"Бакай Банктын" “Белектер жылы” акциясы өз нугунда, “Золотая Корона” системи аркылуу акча которууга шашылыңыз!

“Белектер жылы” акциясы аркылуу башкы байгени утуп алып, үй-бүлөлүк бюджетиңизди 700 миң сомго толтуруңуз.

"Бакай Банк" ААКсы жана "Золотая Корона" акча которуу системи ушул жылдын 1-мартынан тартып 15-декабрга чейин "Белектер жылы" акциясы старт алганын жарыялаган. 700 000 сом баш байгени утуп алуу үчүн 18 жаштан жогору бардык жарандар акцияга катыша алышат. Акцияга катышуу үчүн республиканын бардык аймактарындагы "Бакай Банктын" филиалдарынан же сактык кассаларынан “Золотая Корона” системи аркылуу акча которууңуз же алууңуз шарт.

700 миң сом баш байгеден тышкары 3-сентябрда жана 25-декабрда да түрдүү белектер ойнотулуп турат.

Утушка коюлган белектер:

* Муздаткыч

* Кир жуучу машина

* Ноутбук

* Чаң соргуч

* Микротолкундуу меш

* Смартфон

* Чайнек

* Үтүк

* PowerBank

* Ичүүчү суу үчүн фильтр аппараты

* Дубалга илинүүчү саат.

700 миң сомдун жеңүүчүсү ушул жылдын 25-декабрында аныкталат.

Акцияга катышуунун шарттары:

* Катышуучу акция жүргүзүлгөн убакыт аралыгында "Золотая Корона" системи аркылуу рубль, сом, доллар жана евро валюталары менен акча которуп же алышы керек.

* Которуудагы ар бир 5 миң рубль же сом, 100 доллар/евро суммасындагы акча үчүн 1 балл эсептелинет.

* Балл кошуу акция жүргүзүлгөн убакыт аралыгында улантыла берет.

* Акция башталгандан аяктаганга чейинки убакыт аралыгында эсептелген упайлар топтолуп, эң көп упай топтогон кардар жеңүүчү деп аныкталат.

Акциянын жеңүүчүсү Бакай Банктын бардык эле офистери аркылуу которгон же алган суммасынын негизинде топтогон баллдардын жыйынтыгы менен аныкталат.

Акциянын негизги байгеси жана 3 ай сайын аныкталган жеңүүчүлөрү тууралуу маалыматтар жана алардын сүрөттөрү банктын www.bakaibank.kg веб-сайтына жарыяланат.

Акциянын жыйынтыгы жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи утуш ээлери аныкталгандан кийин 10 күн ичинде жарыялайт. Акциянын шарттары менен кененирээк "Бакай Банктын" расмий сайтынан же Банктын кеңселеринен толук маалымат алсаңыздар болот. Байланыш борбору - 6111.

"Бакай Банк" ААКсы 20 жылдан бери Кыргыз мамлекетинин жашоочуларына финансылык кызматтын кеңири түрүн көрсөтүп келе жатат. Азыркы учурда өлкөнүн бардык аймактарында Банктын 70 филиалы жана сактык кассалары бардык кардарларга бат жана ыңгайлуу тейлөөлөрдү жүргүзүп келет.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан