Борбордук Азиядагы Евразия фонду "Кыргызстандын 3 шаарынын тургундарын бюджетти пландоого чакырат"

Каракол, Кара-Балта жана Жалал-Абад шаарларында Сорос Кыргызстан фонду каржылаган Борбордук Азиядагы Евразия фонду “Жарандарды жергиликтүү деңгээлде бюджеттик программаларга эффективдүү тартуу жана өстүрүү” долбоору май айынан бери иштеп келет. Алгач долбоорду ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар билимин жакшыртууга мүмкүнчүлүк алышат.

Алгачкы үч күндүк окутуунун алкагында жарандык катышуу жана муктаждыктарды изилдөө боюнча окуу өтүлөт. Окутууларга аталган шаарлардын жергиликтүү кеңешинин депутаттары жана жарандык коом өкүлдөрүнүн кызматкерлери катышат.

Тренингдин биринчи күнүндө жергиликтүү жарандар өлкөнүн бюджетине болгон сын-пикирлерин айтып, айтылган сунуштарды эске алуу маселеси каралат. Экинчи күнү катышуучуларды коомдук-экономикалык өнүгүү программасы (КӨЭП) менен иштөөгө үйрөтүп, келечекте шаарды өнүктүрүү багытын аныктоочу документти түзүү ыкмаларына көңүл бурулат. Ал эми окутуунун акыркы күнү мониторинг, КӨЭПти ишке ашыруу жана бюджетти баалоо маселелери каралат.

Саясат жана өнүктүрүү институтунун тренери жана адиси Азамат Мамытов семинар тууралуу төмөнкүлөрдү билдирет.

"Тренингдин негизги максаты – шаарларды өнүктүрүү ишине жергиликтүү жарандардын катышуусу менен маселени чечүү. Себеби Кыргыз Республикасынын жаңы бюджеттик кодексине ылайык шаарлардын коомдук-экономикалык өнүгүүсүнө жана өнүктүрүүгө жарандардын түздөн-түз аралаштыруу маселеси каралган. Андыктан бюджетти мындан ары да өстүрүш үчүн жарандар негизги маселени аныкташ керек. Мисалы, бала бакчалардын санынын жетишсиздиги, таштандылардын көбөйүшү. Бул маселелердин эң керектүүлөрүн аныктап алган соң, аны чечүү үчүн белгилүү бир механизмдер керек. Ал эми биз мына ошол көйгөйдү жергиликтүү бийлик менен чечүүгө жардам беребиз”, - деп түшүндүрөт Азамат Мамытов.

Тренингдин максаты: Маселени аныктоо, аны чечүү үчүн жумушчу топ түзүү. Шаарларды өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу. Жергиликтүү бюджеттин суммасын тактоо жана анын аткарылышына мониторинг жүргүзүү.

Бул долбоордун ишке ашуусунун негизги үч максаты: Шаардын картасын чийүү, көйгөйлүү маселени табуу. Үчүнчү ыкма “себеп-натыйжа-байланыш”. Маселенин себептерин жана чечүү жолдорун билүү.

Бул тренинг жарандарды алган билимин кайра колдоно билүүсүнө жана жергиликтүү бийлик адамдарына жардам берүүгө үйрөтөт.

Ушул жылдын күз айларында бул долбоордун ишке ашырылышындагы натыйжалары боюнча коомдук уктуруу пландаштырылууда.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
tular
2018-07-13 15:24:19
Бул проекттин негизги максаты Кыргызстанды карызга батыруу!!! Алган карызды ушундай тренинг аркылуу атмывания биздикилер учун, экинчиден биздикилер отчет беришет ошол отчеттун негизинде биздин больной точкабызды аныктан, бизди алсыратат...
0
Alia82
2018-07-13 15:30:15
Пайдасын билбедим го бирок сорос кой терисин жамынган карышкыр деп уккан жайым бар эле
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан