Amazon'дун негиздөөчүсү тарыхтагы эң бай адам аталды

Amazon'дун негиздөөчүсү тарыхтагы эң бай адам аталды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазууда.
Маалыматка ылайык, Жефф Безос Билл Гейтстин 1999-жылы койгон рекордунан ашып тарыхтагы эң бай адам аталды. 1999-жылы Билл Гейтстин байлыгы 100 миллиардга жеткен. Ал эми Жефф Безостун байлыгынын өлчөмү 2018-жылы 52 миллиард долларга өсүп, 16-июлда 150 миллиард долларды түзгөн.
Amazon'дун башчысы "Forbes" журналы рейтингдерди жарыялай баштагандан бери, тактап айтканда, 1982-жылдан берки тарыхтагы эң бай адам катары катталды.
Amazon - интернет аркылуу ар кандай товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү саткан дүйнөдөгү эң ири компания. Компаниянын башкы кеңсеси Вашингтон штатынын Сиэтл шаарында жайгашкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
piramida
2018-07-17 09:27:04
Бул адам бутундой мамлекеттерди сатып алып койо турган даражага жетиптир уже.
+2
mariolan
2018-07-17 20:41:19
Көшөгө артында гана тарыхтагы эң бай адам атала бербейби, тизмеге кирбеген барондор жүздөп саналат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан