О! Мобилдик оператору популярдуу тарифтик топтомун жаңыртты, "О!го которул 95» жана «О!го которул 135" жаңы тарифтерин ишке киргизди.
"Күн өткөн сайын О! түйүнү ичинде интернетти көбүрөөк керектей турган смартфондордун пайдалануучуларынын саны өсүп жатат. Ушул нерсе биздин мыкты шарттары менен жаңы тарифтерди түзүүбүзгө түрткү болду. Эми ошол эле баага – 95 жана 135 сомго биз мурункудан да көп максималдуу ылдамдыктагы интернетти сунуштадык – мурунку 8 ГБ ордуна эми 10 тез гигабайт, 12 гигабайттын ордуна – толук 16 гигабайт максималдуу ылдамдыктагы интернет жеткиликтүү!" деп билдирди О! Мобилдик операторунун коммерциялык директору Максим Сидоренко.
Дагы бир маанилүү нерсе – эми тарифтердин атынан эле апталык абоненттик төлөмдүн көлөмүн билип алса болот. Сөзсүз адашпайсыз! Бир сөз менен айтканда, эгер сизге көп мобилдик интернет жана О! түйүнүнүн гана эмес, башка түйүндөрдүн абоненттери менен көпкө чейин сүйлөшүү керек болсо, анда О! жаңы тарифтери – сиз үчүн эң мыкты тандоо болуп саналат:
Тарифти өзгөртүүнүн баасы – 0 сом. Эгер сиз О! абоненти болсоңуз, анда SIM-картаны жакын жайгашкан тейлөө кеңсесинен же O!Storе дүкөнүнөн сатып алсаңыз болот.
О! Мобилдик оператору – сенин смартфонуң үчүн түйүн!