Кемероводогу өрт чыгып, 60 адамдын өмүрүн алган "Зимняя вишня" соода борборун бузуу иштери жүрүп жатат

Кемероводогу "Зимняя вишня" соода борборун бузуу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 19-июлда атайын техника "Зимняя вишня" соода борборун бузуу иштерине киришкен.
"Бузуу иштерине дагы башка техникалар да тартылат. Азыркы тапта шаардын мэри Илья Середюк өзү окуя болуп жаткан жерде иштерди көзөмөлдөп жүрөт. Адистердин айтымында, бузуу иштери бир нече баскычтан турат. Ар бир баскыч 40 күндөй убакытты талап кылат", - деп жазылат маалыматта.
Эскерте кетсек, соода борборунда тилсиз жоодон каза болгондордун саны 60ка жеткен.
"Зимняя вишня" соода борборун бузуу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Omurbek125164
2018-07-19 15:35:27
Аттин бироолордун шалакылыгынан канчалаган жаш омурлор кыйылды.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан