Бүгүн, 20-июль - эл аралык торт күнү. Бул майрам улуттарды ынтымакка, биримдикке чакыруу максатында 2011-жылы "Сүйүү падышалыгы" (эл аралык коммерциялык эмес долбоор) тарабынан негизделген.
Мындан 7 жыл мурда бул майрам алгачкы жолу "I CAKE YOU" ("Мен сага торт көтөрүп барам") деген ураан менен өтүп, анда эң алгачкы көп улуттун рецебинен даярдалган торт жасалган. Бул майрамды алгач АКШ, Орусия, Украина, Израиль, Беларусь, Армения мамлекеттери белгилей баштаган. Бара-бара эл аралык торт күнүн белгилеген мамлекеттердин саны өсүүдө.
Торт тууралуу кызыктуу маалыматтар
Дүйнөдөгү эң кымбат торттун баасы 75 миллион долларды (5 миллиард 50 миллион 302 миң 642 сом) түзгөн. Бул тортту Бириккен Араб Эмиратындагы шейхтердин бири кызынын туулган күнүнө атайын буюртма берип жасаткан. Ал торт жасоо боюнча дизайнер Дебби Уингхэмге кайрылган. Дебби Уингхэм узундугу 1 метр 80 сантиметр болгон подуимдун үстүндөгү моделдерди элестеткен торт жасаган. Андагы моделдердин көйнөгү, аксессуарлары алмаз, жана башка ушул өңдүү баалуу таштар менен кооздолгон. Тортто колдонулган баалуу таштардын баасы 45 миллион долларды (300 миллион 288 миң 252 сом) чапчыган.
Дүйнөдөгү эң бийик торт АКШнын Мичиган Штатында жасалган. Анын бийиктиги 30 метрге жеткен.
Эң узун торт Перуда жасалган. Торттун узундугу 246 метрди түзүп, аны даярдоого 300 кондитер кызматкери тартылган. Уюштуруучулар тортту 15 миң бөлүккө бөлүп Перудагы туулган күн ээлерине тартуулашкан.
Эң чоң торт италиялык кондитерлерге таандык. 2015-жылы Миланда өткөн жарманкеде Италия мамлекетинин картасын элестеткен торт коюлган. Торттун бетине ар кандай түстөгү кремдер менен Италиянын маданий, тарыхый жайлары, эстеликтери түшүрүлгөн. Бул торт "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген.
Ал эми дүйнөдөгү эң кичинекей торт Швейцарияда жасалган. Анын көлөмү бармактын учуна барабар.
20-июлдун жылнаамасы.