Блог: Үй-бүлөмдү толугу менен "Билайндын" "Просто" тарифине өткөрдүм

Бактылуу үй-бүлөнүн белгиси (көрсөткүчү) - анын мүчөлөрүнүн бири-бири тууралуу ар дайым кабардар болуусу. Алар дүйнөнүн кайсы жеринде жүрбөсүн, бири-бири менен байланышып турушат. Кардарларынын ар дайым байланышта болуу суроо-талабын канааттандырыш үчүн уюлдук операторлор түрдүү тарифтерди ойлоп таап сунушташат эмеспи. Тарифтердин көптүгүнөн баш айланат, кээ бир "жегич" тарифтердин айынан акча абага кеткен учурлар болот.

Буга чейин мен жеке иштерим боюнча жана кесибиме байланыштуу "Мегаком", "Билайн" жана "О!" компанияларынын сим-карталарын колдонууга муктаж элем. Айына жалпысынан 2 миң сомго жакын акча коротчумун. Албетте, өлкөдө орточо айлык 15 миң сомдун тегереги болуп жатканда, бир адамдын байланышы үчүн эле 2 миң сом короткон - бул ысырапкорчулук жана үй-бүлөлүк бюджет үчүн түйшүк.

"Билайн" компаниясынын жаңы "Санаасыз"("Просто") тарифтик планы тууралуу жарнамасын футбол боюнча Дүйнө биринчилиги өтүп жатканда көрүп кызыгып калгам. Башында катардагы "жегич" тариф деп эсептегем. Ачыгын айтканда, бул тарифти өтө мактагым келбейт. Баарыңар бул тарифке өткүлө деп үндөйүн деген да оюм жок, болгону артыкчылыктары жана кемчиликтери менен тааныштыргым келет. Мен билбеген мындан да ыңгайлуу тарифтер болсо керек, бирок бардык жактан караганда "Санаасыз" тарифи мен үчүн, үй-бүлөм үчүн эң ыңгайлуу жана арзан деп таптым.

Биринчиден, интернеттин ылдамдыгын жогору бааладым. Үйүмдө интернетти тез ылдамдыкта тараткан WI-FI бар экенин унутуп да койдум. Жумасына берилчү 4 гигабайттын бир топ көлөмү ашып да калууда. Бул тарифке өткөнүмө 10 күн болду, бул аралыкта Ысык-Көлгө барып келгем. Көлдөн сүрөттөрдү жана видеолорду интернеттеги жеке баракчама чыгарууда маселе жаралган жок: интернет бат иштеп жатты. Бишкекте да, Ысык-Көлдө да телефондун антеннасы да толук көрсөтүлүп турганы ичимди жылытып турду.

Экинчиден, "Санаасыз" тарифинин абоненттик төлөмү жумасына 95 сом. Демек, айына 400 сомдун тегереги. Бул тарифтин өзгөчөлүгү, башкача айтканда, "фишкасы" - бир жума ичинде башка тармактардын номерлерине 10 мүнөттүк акысыз чалуулар. Бул "фишканы" мен өзгөчө жактырдым, анткени айрым учурда башка тармактарга чалууга аргасыз болом. Буга чейин мындай учурларда көп акчам кетип калчу. Эми бул маселе чечилди десем болот.

Дагы бир жактырган жери - эгер абоненттик төлөм төлөнбөй калса, баалар өтө коркунучтуу эмес. Болгону башка тармактардын номерлери менен бир мүнөттүк сүйлөшүү 5 сомго чыгып калат. Муну 3 сом кылышса жакшы болмок.

Баса, акысыз түнкү интернет кызматын да бир жолу сынап көрдүм. Түнкү саат 01:00дөн таңкы 07:00гө чейинки чексиз интернет жогорку ылдамдыкта берилет экен. Муну көбүнчө жаштар пайдаланышат. Аталган тарифтик план улууларга да жаштарга ыңгайлуу болгондуктан, үй-бүлөмдүн бардык мүчөлөрүн "Санаасыз" тарифине котордум. Эми ашыкча чыгашалар кетет деп санаа тартпай калдым.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан