“Бакай Банкта” иштеп ийгиликке жеткен 10 айымдын окуясы: сулуу жетекчи жана ыктыярчы

Ушул жылдын 28-декабрында “Бакай Банк” АККсы өзүнүн 20 жылдык мааракесин белгилейт. Буга байланыштуу “Бакай Банкта" эмгектенген айымдар менен болгон маектерди жарыялайбыз. Алар өздөрүнүн жумуштагы ийгиликтери жана аялдык бакыттын сырлары менен бөлүшмөкчү.

Эске салсак, "Бакай Банк" АККсынын насыя берүү башкармалыгынын жетекчиси Роза Асанбекова буга чейин үй-бүлөнү жана жумушту канткенде бирдей алып кетсе боло тургандыгы тууралуу айтып берген.

Ал эми биздин экинчи каарманыбыз Сияпат Усенбекова “Бакай Банкта” жогорку окуу жайды аяктай электе иштеп баштаган. Ал 10 жыл аралыгында стажёрлуктан баштап банктын IT департаментинин алдындагы колдоо жана маалымат системаларын ишке ашыруу бөлүмүнүн жетекчиси болууга жетишкен.

Сияпат “Бакай Банктагы” өзүнүн тажрыйбасы жана ийгиликтүү карьералык жетишкендиктеринин сырын айтып берди. Ал 11-классты аяктап жатып келечекте ким болорун жана кайсы жерде иштей турганын ойлонгон. Жаш кыз ошол учурда жумуш багытындагы жарыяларды дыкат анализдеп өз тандоосун жасаган.

“Мен ошол учурда банк жумушчусуна талап күч экенин билип, так ушул чөйрөдө иштөөнү чечкем. Студент болгондо банктын каржы башкармалыгында практика өтөп жатып өзүмдүн туура чечим чыгарганымды билдим. Мага өтө кызыктуу болуп, банкта калуу үчүн өзүмдүн болгон дареметимди көрсөтүүгө аракет кылдым. Стажировкадан соң башкалар сыяктуу эле өзүмдүн резюмемди таштадым эле эки-үч жумадан кийин мага телефон чалып чакырышты. Азыр бул жерде иштегениме 10 жыл болду. Эмгекчилдигимдин артынан учурда Банктын IT департаментинин алдындагы колдоо жана маалымат системаларын ишке ашыруу бөлүмүн жетектеп жатам. Менин карьералык баскычым фунционалдык жана логикалык жактан өтө туура өттү. Мен ар бир этапта өзүмдүн билимимди жана мүмкүнчүлүгүмдү жакшы түшүндүм”, - деди Сияпат.

Сияпат качан гана башкармалыктын башчысы болгондо башкалар сыяктуу эле мыкты жетекчи болууга максат койгон. Ал “Бакай Банкта” жетекчилик менен кызматкерлердин ортосундагы мамиле көмөктөшүү жана ачык экенин айтты. Ошондуктан Сияпат дагы өзүнүн кол алдындагы кызматкерлерге жардам берүүгө жана алардын ишиндеги кемчиликтерди сынга албайт.

Мен сынды кабыл алуу оор экенин жакшы түшүнөм. Көпчүлүк учурда адамдар сен ага эмнени айтканыңды түшүнүшпөйт, алар эмоцияны гана көрүшөт. Мен жумуштагы кемчиликтерди жазуу түрүндө колдонуу ыкмасын кабыл алгам. Кызматкер катты бир канча жолу окуганда маселени түшүнүшү мүмкүн. Ал маселени түшүнгөндөн кийин биз аны талкуулайбыз. Бул менин жеке өзүм тандап алган ыкмам”, - деди ал.

Анын айтымында, “Бакай Банк” бардык багытта кесипкөй карьера жасоого өтө жакшы мүмкүнчүлүк түзөт.

“Биздин банкта карьералык өсүштү жактырат. Өзгөчө жаңы компетенттүүлүк жана милдеттер боюнча позицияларын өзгөртүп жаткан кызматкерлер бар. Мен өзүм көп жыл бою офис бюродо иштеп кардарларды тейлөө башкармалыгынын жетекчиси болууга жетишип, андан соң IT департаментине келдим. IT технологиянын келечеги баарына белгилүү. Бүгүнкү күндө IT чөйрөсүндө эмгектенген кыздар аз болуп жаткандыктан бул мени күн сайын мыкты болууга шыктандырат”, - белгиледи Сияпат.

Ал үчүн банк жашоого жардам бере турган жөн гана жумуш орун эмес. Ал үчүн "Бакай Банкта" иштеген адамдар экинчи үй-бүлө. Бул Сияпат канча убакыттан бери банкта иштеп, ошондой эле ага өтө оор учурда банк көрсөткөн жардамы менен байланыштуу.

Бир канча жыл мурун менин апам катуу ооруп дүйнөдөн кайткан учурда "Бакай Банк" мага көп жардам берген. Жардам мага каржы жагынан гана эмес, ошол учурда менин психоэмоционалдуу абалыма жетекчилик түшүнүү менен мамиле кылып, чогуу иштешкендер ошол оор кырдаалды басып өтүүгө көмөк көрсөтүшкөн. Мен бул жардамды дайыма сезчүмүн”, - деди каарманыбыз.

Сияпат "жумуш ордун алмаштырууну каалабайсыңбы" деген суроого тескерисинче жооп берет. Ага азыр эмгектенип жаткан жери жагат. Ал ар дайым “Бакай Банк” сыяктуу улуттук капиталы жана өз тарыхы бар банкта иштөөнү эңсеген.

“Бакай Банкта” иштегендердин 61,5 пайызы аялдар. Банкта 39 жетекчи бар болсо ортодо баланс сакталып, жарымы эркектер, жарымы аялдар. Анын канчасы аялдар болсо, эркектер да ошончо.

Сияпат жумуштан сырткары жакшылык иштерине да убакыт табат. Чогуу иштегендердин айтымында, ал ар дайым адамдарга сөз менен да, иш менен дагы жардам берет.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Merelisha
2018-07-27 17:17:44
Сияпат-озгочо ат экен.
Ийгилик сизге.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан