“Мага боюнан алдыртуу үчүн жаш кыздар көп кайрылат. Бирок аларга туура кеңеш берип, бир нече үй-бүлөнү сактап калгам” деген акушер-гинеколог, саламаттыкты сактоонун отличниги, жогорку категориядагы дарыгер Чынара Кушубакова учурда боюнан алдыргандар көп экенин айтты. Алгач мамлекеттик ооруканалардын биринде эмгектенсе, 6 жылдан бери өзү түптөгөн жеке гинекологиялык борбордо иштейт. Аталган жайга күнүнө 10-15 кыз-келин, аялдар дартына даба издеп кайрылат. Гинеколог өзүнүн тажрыйбасындагы көп кездешкен жана сейрек кездешкен оорулар тууралуу SUPER.KG порталына айтып берди.
"Биздин чакан борбор гинекологиялык кызматтардын бардык түрүн жасайт. Тактап айтканда, аялдардын жыныстык ооруларын аныктап, дары-дармектин жардамы менен, лазердик жол менен дарылап келет. 23 жылдык тажрыйбамда көптөгөн ымыркайларга киндик эне болдум. Өкүнүчтүүсү жок эле дегенде күнүнө бир бейтап боюнан алдыртуу үчүн кайрылат. Албетте, бойдон түшүрүүнүн арты жатын моюнчасынын эрозиясына жана башка түрдүү ооруларга алып келерин айтабыз. Бирок учурда дары-дармектин жардамы аркылуу жасалма жол менен бойдон түшүрүү коопсуз боло баштады", - дейт ал.
"Кардарлардын көпчүлүгү эң кеңири тараган жатын моюнчасынын эрозиясы, киста, тукумсуздук, климакс менен жабыркагандар. Жатын моюнчасынын жарасына ар кандай курактагы кыз-келиндер чалдыгышы мүмкүн. Бирок төрөгөн же бир нече жолу боюнан алдырган аялдарда гана эмес жыныстык катнашка барбаган кыздар арасында дагы көп кездешүүдө. Жатын моюнчасындагы жараны кольпоскоптун же видеокольпоскоптун жардамы менен карап чыгууга болот. Эгерде аны убагында дарылабаса, аялдын тукумсуздугуна, жатындын залалдуу шишигинин пайда болушуна, ракка алып келет", - деп кошумчалады.
"Тажрыйбамдагы сейрек кездешкен көрүнүштөрдүн бири - жасалма жол менен бойго бүтүрүү. Учурда балалуу боло албай жүргөн үй-бүлөлөр жасалма жол менен бойго бүтүрүп жатышат. Биздин медицина дагы бул ыкманы өздөштүрүп калды. Бирок тоңдурулган спермалар аялдын организмине ылайыкташып жашап кетишине 100 пайыз кепилдик жок. Мындан тышкары “жатыным кеңейип кетти, калыбына келтирип бериңиз” деп кайрылгандар дагы бар. Албетте, мындай кызматтардын бардыгын көрсөтүп келебиз", - дейт Кушубакова.
Чынара Кушубакованын чакан борбору төмөнкү кызматтарды көрсөтөт:
Дареги: Бишкек шаары, Байтик баатыр көчөсү, №6/1
Байланыш номерлери: (0772) 50 62 76, (0552) 50 62 76.