Декларация: Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Закир Тиленов "2012-жылы 696 612 сом киреше тапкам" дейт
Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Закир Тиленов 2012-жылы негизги иш ордунан 696 612 сом киреше тапкан. Бул маалымат анын бир жылдык кирешеси жана жалпы мүлкү тууралуу тапшырылган декларациясында жазылган. Анын кыймылсыз мүлкү 46,1 чарчы метр аянтты ээлеген бир батир болсо, кыймылдуу мүлкү тууралуу эч нерсе көрсөткөн эмес. Ошондой эле анын жакындарынын да бир жылдык кирешеси декларацияга жазылбаган. Алардын кыймылсыз мүлкү катары 61,5 чарчы метр аянтты ээлеген бир батир көрсөтүлгөн.