Бүгүн, 28-июнда Ысык-Көл облустук администрациясынын алдында Чолпон-Ата шаарынын жаштары жаңы дайындалган облус башчысы Эмил Каптагаевди колдоо иретинде митинг өткөрөт. Алар Каптагаевдин отставкага кетүүсүн талап кылган митингчилер менен жолугуп, маселени тынчтык жолу менен чечүүгө аракет кылышмакчы. “Биз өкмөттүн облустагы жаңы шайланган өкүлүнүн иштөөсү үчүн убакыт беришибиз керек. Мындай баш аламандык менен митингчилер туристтерди коркутуп жатышат”,- деп билдиришет жаштар. Эске салсак, кечээ, 27-июнда обладминистрациянын алдында өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнө башка адамды дайындоо талабы менен Жети-Өгүз районунун тургундары митинг өткөргөн болчу.