WhatsApp аркылуу эле англис тилин мыкты деңгээлде үйрөнүңүз

WhatsApp тиркемесинин кызматын кеңейтүү - өзүңүздүн колуңузда. Тиркемени баарлашуудан тышкары дагы кандай максатта колдоносуз? Ватсап аркылуу англис тилин үйрөнүү мүмкүн экенин билчү белеңиз? Бүгүнкү макалабызда ватсап аркылуу эле англис тилин мыкты деңгээлде үйрөнүү мүмкүн экендиги тууралуу айтып беребиз.

Тагыраагы, бир жылдан бери аралыктан эле көптөгөн каалоочуларга англис тилин үйрөтүп келе жаткан "WhatsApp English" долбоору тууралуу тааныштырабыз.

- Саламатсызбы? Өзүңүздөрдү тааныштыра кетсеңиздер.

- Саламатчылык. Менин атым - Чыңгыз, долбоордун менеджеримин. 2 мугалим менен долбоорду 1 жылдан ашуун убакыттан бери ишке ашырып келебиз. Мугалимдер Максат жана Акылбек. Америкада окуп келген, англис тилин мыкты билген, ишин чындап сүйгөн тажрыйбалуу, кесипкөй мугалимдер. Дүйнөгө таанымал ишканалардын жетекчилерине сабак өткөн. Атап айтсак, Лукойл, Газпром, Яндекс, Рамблер жана башкалар.

- Долбоордун максаты эмне?

- Бизде WhatsApp тиркемесин өлкөнүн тээ алыскы аймактарында дагы колдонушат. Негизги максатыбыз - ар бир кыргызстандык мекендешибизге англис тилин үйрөтүү. Башка курстардан айырмабыз кайсы жерде болбоңуз, ватсапыңыз эле болсо, англис тили сиз менен; көчөдөбү, пикниктеби, саякатта жүрөсүзбү айырмасы жок. Өтүлгөн сабак сиздин телефонуңузда сакталат. Атайын курска барып келүү үчүн убакыт коротпойсуз. Анан арзан. А негизги өзгөчөлүгүбүз - "Америка акценти" деген сабагыбыз бар. Тамга, тыбыш кандай, кайсы жерден чыгат, артикуляторлор кандай колдонулат, мына ошолорду үйрөтөбүз. Эч бир жерде акцентке баа коюлбайт экен, тест тапшырасыз, ал жакта сиздин грамматикаңызга, лексикаңызга баа коюшат. Бирок сиз сөздөрдү туура акцент менен айтып жатасызбы же жокпу ага көңүл бурулбайт экен. А биз ошол нерсеге көңүл бурабыз. Биздин ар бир үйрөнүүчү туура акцент менен үйрөнүшүн каалайбыз.

Англис тили - бул дүйнөлүк тил. Ар бир мекендешибизге англис тилин үйрөтүү менен бир аз жол ачсак, калган көп нерселерди алар өздөрү үйрөнүп алат. Тил билгендер дүйнөлүк рынокко чыга алышат. Кайсы кесиптин ээси болбосун адам англис тилин эле билсе, дүйнө менен иштеше алат.

- Жетишкендиктериңиздер тууралуу сөз кылып берсеңиз.

- Айтмакчы, бизде Кыргызстандагы эле жарандар эмес, чет өлкөгө чыгып, англис тилинен кыйналган мекендештерибиз дагы катталган. "WhatsApp English" курсунун жетишкендиктери тууралуу да айта кетели. Орусиядан бизге жазылып окуган Асел деген айым 6 айдан кийин Орусиядагы Кыргыз мекендештердин балдарына сабак өтүп баштады, дагы бир окуучубуз: "Мурда америкалыктар англисче сүйлөсө түшүнчү эмесмин, сиздерден акцент сабагын алган соң АКШ президенти Трамптын сүйлөгөндөрүн угуп, түшүнө баштадым", - деп ою менен бөлүшө кетти. Негизи эле эмне себептен англисче билген адамдар деле америкалыктар сүйлөгөндө түшүнбөй калышат? Анткени алар айткан сөздөрдү биз башкача айтабыз, өзүбүздүн үйрөнгөн акцент менен айтабыз, кеп мына ошондо.

- Сиздерге кантип катталса болот?

Бизге катталууну каалагандар ватсап аркылуу байланышканда (0770 521 321) маалымат берип, үлгү видео-сабак жиберебиз. Сабак жакса, бизге окутуу акысын алдын ала төлөйт, биз онлайн тест кылып, алгач деңгээлин аныктайбыз жана ылайыктуу группага кошобуз. Видео-аудио сабактар, көнүгүү жана тапшырмалар жумасына 5 күн жиберилет. Үйрөнүүчүлөр 24 сааттын ичинде (чет өлкөдөгүлөрдү эске алуу менен) өздөрүнө ыңгайлуу учурда сабакты карап чыгып, түшүнбөгөн жерин сурай алышат. Көнүгүү жана тапшырмаларды текшерте алышат, ошондой эле аудио жаздырып, акцентин оңдой алышат.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан