
Англия ханышасынын легендарлуу Rolls-Royce унаасы аукционго коюлат. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, ханыша Елизавета II'ге таандык, 1953-жылы жарык көргөн Rolls-Royce Phantom IV State Landaulette аукциондо сатыкка коюлат. Унаанын баштапкы баасы - 2 миллион доллар. Аукцион 2018-жылдын 8-сентябрында өтөт.
Аталган унааны ханышанын үй-бүлөсү 40 жылдан ашык убакыт колдонгон. Rolls-Royce`ту алар саякат үчүн колдонушкан. Дүйнө жүзү боюнча 18 гана Rolls-Royce Phantom IV State Landaulette унаасы бар.