Армениянын премьер-министри Никол Пашинян өкмөт башына келгенине 100 күн болгонуна байланыштуу эл алдында отчёт берет. Бул тууралуу ал өзү социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кабарлады.
Маалыматка ылайык, митинг 17-августта Армениянын борбору Ереванда өтөт.
"100 күн ичинде Арменияда кандай иштер болгондугу тууралуу эл менен маанилүү сүйлөшүү өткөрүшүбүз керек. Митингде кечээги, бүгүнкү жана эртеңки күн тууралуу сөз болот", - деп жазган Пашинян. Жолугушууда өкмөттүн алдыдагы кадамдары жана буга чейин аткарылган иштер талкууланмакчы.
Эске салсак, Пашинян премьер-министрлик кызматка ушул жылдын 8-майында келген. Бул убакыт ичинде ал бир топ саясатчыларга кылмыш ишин козготуп, коррупцияга каршы катуу күрөш баштаган.
Апрелден тартып Арменияда массалык толкундоолор башталган. Толкуган элдин талабы 10 жыл президент болгон Серж Саргсянды жана анын "Республика" партиясын бийликтен кетирүү эле. 2-президенттик мөөнөтү аяктаган Саргсян премьерликке шайланып, бир нече күндөн кийин отставкага кеткен. 1-майда парламентте премьер-министрликке шайлоо өтүп, оппозициядан талапкер болгон Пашинян жетиштүү добуш жыйнай алган эмес. Экинчи аракетте гана ал өкмөт башчы катары шайланган.
Буга чейин Пашинян өкмөт башына келгенден кийинки 2 айдан ашык убакыт ичинде аткарган иштери тууралуу жазылган.