Филиппиндин президенти Родриго Дутерте дүйнөгө баңгизат жана коррупция менен ырайымсыз күрөшүп келе жаткан өлкө башчы катары таанылып келүүдө. Бул жолу Филиппиндин борбору Манила шаарында өлкө аймагына мыйзамсыз алып кирилген люкс классындагы бир нече транспорт каражаттарын бульдозер жана экскаватор менен тебелетүүгө буйрук берди. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты. Маалыматка караганда, өлкөгө мыйзамсыз киргизилген транспорт каражаттарын жок кылуу акциясын президент Родриго Дутерте өзү баш болуп карап турган.
"Талкалоо үчүн бир нече үлгүдөгү кымбат баалуу унаалар жана мотоциклдер тизилген. Алардын жалпы баасы 5,5 миллион долларды (374 099 000 сом) түзгөн. Бульдозер жана экскаватор атайын тизилген 76 транспорт каражатын, анын ичинде Lamborghini, Porsche, Jaguar, Corvette жана Mercedes-Benz унааларынын кымбат баадагы үлгүлөрүн тебелеп өткөн", - деп жазылат маалыматта.
Унаалар талкаланып бүткөндөн кийин президент Дутерте массалык маалымдоо каражаттарына мындай кадам чет өлкөлүк унааларды мыйзамсыз импорттоого каршы акция экенин айткан.
"Мен унааларды жок кылууга буйрук бердим. Эгер кимдир бирөө өлкөдө коррупция дагы деле бар десе, демек, ал дагы эле бар. Мен коррупцияны бир күндө жеңе албайм. Бирок мен дүйнөгө Филиппин Республикасы инвестиция жана бизнести өнүктүрүүгө жакшы жай экенин көрсөтүшүм керек", - деген ал.
Мындай окуя аталган өлкөдө буга чейин да болгон. Ушул жылдын февраль айында өлкөгө мыйзамсыз алып келинген жалпы баасы 1 миллион 2 жүз миң долларды түзгөн 20 чакты унаа бульдозер менен талкаланган.
2018-жылы өлкөгө мыйзамсыз импорттолуп жок кылынган транспорт каражаттарынын жалпы баасы 6,5 миллион долларга (442 117 000 сом) жетти.
Бул өлкөдө ошондой эле аткезчиликке каршы жана салык төлөө боюнча да катуу режим киргизилген.