Амина Мамытбекованын "Нөлдөн башталган миллион" китеби окурмандарга кандай таасир берүүдө?

Жакында эле "Нөлдөн башталган миллион деп аталган китеп жарык көргөн. Азыркы учурда сатылуу жагынан хит болуп жаткан кыргыз тилиндеги бул китеп көп адамдардын көңүлүн өзүнө буруп турган убагы. Мотивация берүүчү китеп 299 сомдон көптөгөн өлкөлөрдө, атап айтканда, Америка, Түркия, Орусияда сатылууда. Бул китепте ийгиликке жетүүнүн көп ачкычтары катылгандыктан, окурман өзү үчүн пайдалуу маалымат чогулта алат.

 Өзүңдү-өзүң кантип өнүктүрө аласың?

 Ийгиликти багынтуунун сырлары эмнеде?

 Убакытты кантип туура пайдаланууга болот?

 Айылдан ааламга кантип жол алууга болот?

 Каржы жаатында кантип көз карандысыз боло алабыз?

Ушул сыяктуу суроолорго окурман жооп таба алат.

Андан сырткары китепти окуп чыгып, тест тапшырып жогорку балл алуу менен окурмандар Дубайга баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Ошондой эле баалуу 25 белек дагы окурмандар үчүн камдалган.

Китептин автору Амина Мамытбекова айымга кайрылып, төмөнкү суроолорду узаттык:

  1. Бул китепти эмне максат менен жаздыңыз?
  2. Окурмандар кандай ой-пикир калтырып жатышат?
  3. Эмне үчүн арзан баада сатыкка койдуңуздар? Деги эле сарпталган чыгымды актап жатабы?

- Өзүмдү акылдуу, элге насаат айта турган адам деп эсептебейм. Менден тажрыйбалуу, акылдуу адамдар көп. Болгону китеп жазуу аркылуу ой бөлүшкүм келди. Менин китеп жазуудагы максатым – бир аз да болсо окурманга пайда алып келүү, жеке ой-пикирим менен бөлүшүү болуп саналат. Максатым китеп жазып, акча табуу эмес, тескерисинче, бул жаатта иш алып баруу көптөгөн чыгымдарга дуушар кылат экен. Китеп атайын 299 сомдон сатылууда, анткени бул баа баарына жеткиликтүү, калктын капчыгына оор келбейт. Мен инстаграм баракчама күнүнө 15тен ашуун жылуу ой-пикирлерди алып жатам, көбүнчөсү "ой-жүгүртүүм, пландарым, көз-карашым өзгөрдү" деп жазышат.

Кээ бир билермандар мени капа кылып төмөнкүлөрдү айтышат:

"Эми китеп жазгыч болуп акча табайын дедиңизби?"

Ушундай жаман ой-пикирлер мага терс таасирин тийгизбей койбойт. Акча таап, өз жанын багуу бул азыркы учурда көп адам үчүн чоң көйгөй эмес. Деги койчу, чымчык деле өзүн гана эмес, балапандарын багып чоңойтот.

Акча табуунун башка деле жолдору жок эмес. Азыркы учурда 6 тилди билем, 2 жогорку билимим бар, буга кошумча бизнес менен 14 жылдан бери алектенип келем. Мунун баары Кудайдын бергени, мен абдан жөнөкөй адамдардын катарын толуктап келем.

Китеп 299 сомдон төмөнкү даректерде сатылат:

Бишкек:

  1. "Тил Академиясы" 0705 89 77 22
  2. "Фрунзе" гипермаркети 0706 34 99 00

______

Ош: 0709 73 77 33;

Нарын: 0552 27 42 14;

Жалал-Абад: 0777 343 798;

Балыкчы: 0555 828 662;

Москва: +7 91 61 558 493;

Баткен: 0773 500 404;

Талас: 0707 98 98 81;

Ысык-Көл: 0702 77 63 31;

Красноярск: +7 96 20 653 064.

Бардык номерде вотсап бар.

@amina_offfficial


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан