Бүгүн, 28-июнда Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов Сауд Арабиянын Кыргызстандагы элчиси Абдурахман Бин Саид Аль-Джума менен жолугушту. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө Бишкек шаары менен Сауд Арабиянын ортосундагы өз ара кызматташуу жолдору жана муниципалдык гранттык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.