Ашыкча акча коротпой бөлүп төлөө жолу менен кантип смартфон сатып алса болот?

Beeline компаниясы сатуу жана тейлөө кеңселеринде кардарларга Xiaomi смартфондорун сатып алуунун жаңы шарттарын сунуштайт. Сатып алуунун жаңы шарттары ушул жылдын 13-августунан баштап жүргүзүлө баштайт.

Эми алдын ала төлөмсүз жана үстөк пайызсыз эле, болгону паспорт менен акыркы 6 айдагы маянасы тууралуу маалымкаты бар бардык керектөөчү сапаттуу гаджеттин ээси боло алат. Гаджетти компания операторунан жана банктан толук өткөрүп алуу 40 мүнөткө да жетпейт.

Денис Антанаитис “Скай Мобайл” ЖЧКсынын программаларды жана долбоорлорду башкаруу боюнча жетектөөчү адиси: “Акция алгач Чүй облусу үчүн иштейт, бирок бир аптадан кийин жалпы өлкөнү камтыйт. Beeline компаниясынын өнөктөшү Дос-Кредобанк. Смартфондордун акчасын бөлүп төлөө жолу менен сатып алуучуларга биз "кооз" номерлерди кошуп беребиз. Бул учурдагы жана жаңы кардарларыбыз үчүн жагымдуу жаңылыгыбыз бар. Кардарларга жөн эле бир номер эмес, жаңы 220 префикс менен номерлер берилет. Анда ушул жылдын аягына чейин WhatsApp мессенжери аркылуу чексиз баарлашуу каралган".

Акция 2018-жылдын 1-октябрына чейин уланат.

Так, толук маалыматты Beeline’дын сатуу жана тейлөө кеңселеринен, http://bit.ly/BeelineNews шилтемеси аркылуу же 0 774 000 999 номерине чалып (чалуу Beeline абоненттери үчүн акысыз. Башка уюлдук операторлордун абоненттери үчүн тарифтик планга ылайык эсептелет) алсаңыздар болот.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан