O!Store дүкөндөрүнүн ийгиликтеринин сырларын ачып беребиз

O!Store дүкөнү кантип иштейт – Акциялар, насыяга смартфондор, жеткирүү

Бишкекте хай-тек дизайны жана “акылдуу” түзүлүштөрдүн кеңири ассортименти бар заманбап дүкөндөр абдан көп, бирок... Бирок жалпы өлкө боюнча жана ар бир облуста жайгашкан дүкөндөрүнүн саны менен бардык эле бренд мактана албайт. Ал эми О! Мобилдик оператору мактана алат.

Анын үстүнө, байланыш оператору смартфондорду жана мобилдик телефондордун аксессуарларын сатуу боюнча өзүнүн O!Store дүкөндөр тармагын кеңейтүүнү улантууда. Биз өлкөбүздөгү бул ири тармак кантип иштей турганын, өнүгүүсүнүн нюанстарын жана этаптарын билүүнү чечтик. Бул жерде пайдалана турган мүмкүнчүлүктөр тууралуу билген маалыматты сиздер менен бөлүшөбүз. Биздин суроолорубузга О! сатуу жана тейлөө кеңселеринин өнүгүүсү боюнча жетекчиси Равшан Бакиров жооп берди.

- O!Store дүкөндөрү алыстан эле көрүнөт. Өзүңдү чет мамлекеттеги бир маркетке киргендей сезесиң. Абдан кооз, жарык…

Биз аракет кылдык. Дүкөндөрүбүздүн ар бири телефонду сатып алардан мурда кармап көрүү менен гана чектелбестен, анын бардык мүмкүнчүлүктөрүн текшерип көрүүгө боло турган эң мыкты дүйнөлүк бренддердин презентациялык стенддери менен жабдылган. Бул жерлерде жеткиликтүү баалардагы эң популярдуу товарлар коюлган.

Мындай дүкөндөрдү ачуу идеясы кантип пайда болду?

Мобилдик байланыш кызматтарынын бардык түрүн бир жерден көрсөтүү идеясы биздин негизги милдетибиз болуп калды. Биздин бардык кардарларды тейлөө кеңселеринин масштабдуу түрдө өзгөрүүсү ушинтип башталды. Мурун биздин кеңселерде ыңгайлуу тарифти же кызматты тандоого, SIM-картаны калыбына келтирүүгө гана жардам беришчү. Заманбап хай-тек дүкөндөргө айланган биздин дүкөндөрдө мобилдүү болуу үчүн керектүү нерселердин баарын сатып алууга болот – телефон үчүн адаптер менен переходниктен баштап, бардык капчыктар үчүн популярдуу бренддердин смартфондоруна чейин, ошол эле жерден аксессуарларды да тандаса болот. Роутерлер, сааттар, оюн приставкалары, GoPro видеокамералары, планшеттер, ноутбуктар. Бир сөз менен айтканда, биздин кардар “100 пайызга” мобилдүү болуу үчүн бир топ убактысын, ресурстарын, эң маанилүүсү каражаттарын үнөмдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

- Дүкөндөр дагы кайсы жерлерде ачылган?

Биз эки жыл мурун Бишкекте ачылганбыз, былтыр Чүй облусунда бир нече дүкөнүбүз бар эле, ал эми бүгүнкү күндө жалпы өлкө боюнча 66 соода объектибиз бар.

- Башкача айтканда, эгер мурун Нарын облусунун айылдарынын тургундары телефон сатып алуу үчүн облустук борборго барып, андан кийин О! кеңсесине сим-карта сатып алуу үчүн барышса, азыр алар мунун баарын өз шаарында же айылында эле жасай алышат турбайбы?

Туптуура. Эми ар бир облустагы бардык эски кеңселерибиздин ордуна жаңы форматтагы дүкөндөр иштеп жатышат. Биз кардарларыбыз үчүн кадамдык жеткиликтүүлүктө болууга жана “Баары камтылган” тутуму боюнча кызмат көрсөтүүгө аракет жасайбыз.

- Азыр смартфондорду насыяга алуу абдан популярдуу болуп жаткандыгы чынбы?

Дал ошондой, муну күн сайын телефондорду бөлүп төлөөгө жолжоболоштуруу үчүн келген жүздөгөн сурамдар тастыктайт. Аз-аздан төлөө ыңгайлуу дагы. Мисалы, сиз элестүү фонду “жасай ала турган” кош камерасы бар 12 590 сомдук Xiaomi Redmi S2 смартфонун смартфонду көптөн бери каалап жүргөнсүз дейли, бирок дароо азыр алганга акчаңыз жетпейт. Насыяга сатып алуу жана ай сайын миң сомдон бир аз көбүрөөк төлөө жеңилирээк, андан дагы смартфонду моралдык жактан эскирүүсүн күтпөстөн дароо эле колдоно бересиз. Булардын баарына кошумча катары, сиз смартфон гана эмес, «О!го которул» тарифтеринин топтомунда байланыш кызматтарына 50%га чейин жарым жылдык арзандатууга да ээ болосуз. Ыңгайлуу бекен?

Макулбуз, ыңгайлуу жана пайдалуу. Смартфонду бөлүп төлөөгө сатып алуу канчалык тез болот?

Негизинен жалпы процедура 20 мүнөттөн ашса ашат, кемибейт. Процессти тездетүү үчүн интернет-дүкөндүн ostore.kg сайтына карап чыгуу үчүн онлайн-сурамды жолжоболоштуруп койсо болот. Өнөктөш-банк аны кыска мөөнөттүн ичинде карап чыгат да, тиешелүү талаптарга жооп берген учурда сиз документтериңизди каалаган O!Store дүкөндөрүнүн бирине алып келсеңиз болот.

- Кайсы документтер керек?

Болгону паспорт жана айлык акы тууралуу маалымкат же жеке ишкердин акыркы үч ай үчүн патенти жетиштүү.

- O!Store дүкөндөрү дайыма болуп туруучу акциялар менен таанымал. Эң популярдуу акциялары жөнүндө айтып бериңизчи?

Эң популярдууларынын ичине - LG жана O!Phone 4G смартфондоруна 8 000 сомго чейинки укмуштуудай арзандатуулар кирет. Жакында эле Huawei смартфондорунун кээ бир моделдерине -15%га чейинки арзандатуулар жарыяланды. Жайдын этегине чейин эң популярдуу Xiaomi телефондоруна жакшы арзандатуулар жүрөт, ал эми ostore.kg интернет-сайтынан телефон тапшырык кылганыңызда сиз толук 10 ГИГАБАЙТ интернет белекке аласыз.

Сонун! Телефондорго кепилдик барбы?

Эч кандай күмөн саноолорго негиз жок. Сиздин смартфон тастыкталган жана 100% сапат кепилдигине ээ, анткени O!Store дүкөндөр тармагы Samsung, Huawei расмий өндүрүшчүлөрү менен түздөн-түз кызматташат жана LG, Xiaomi компанияларынын расмий өкүлү болуп саналат. Өнөктөштөрүбүз тейлөөгө расмий кепилдик беришет.

Биздин аңгемебиздин соңунда мен өзүмө мини-колонка сатып алдым. Смартфонум бар болчу, бирок досторубуз менен эс алууга көп чыгабыз, жай эмеспи! Сиздер да келиңиздер, сөзсүз жаңы нерсе табарыңызга шек жок!

Маалымат үчүн, O!Store дүкөндөрү күн сайын иштейт, квалификациялуу кызматкерлер ар бир кардарга жеке мамиле жасайт. Apple, Huawei, LG, Xiaomi, Samsung, Meizu, Ergo, Philips, Bravis, Micromax бренддеринин смартфондору, аксессуарлар жана башка көптөгөн буюмдар сиздерди кайдыгер калтырбайт!


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан