"Кумтөрдүн" экинчи чейректеги өндүрүштүк жыйынтыктары

Centerra Gold Inc. жана “Кумтөр Голд Компани” 2018-жылдын экинчи чейректеги өндүрүшүн жыйынтыктады. КГК 6 айда 184 миң 023 унция же 5 миң 723,76 килограмм алтын өндүрүп, 3 миллиард 65 миллион сомдон ашуун салыктар жана милдеттүү төлөмдөрдү которгон.

Алтын өндүрүү жана сатып өткөрүү

Кумтөрдө алтын өндүрүү көлөмү 2018-жылдын экинчи чейрегинде 83 миң 803 унцияны түзүп, 90 620 унция же 2,82 тонна алтын сатып өткөрүлгөн. Алтынды сатып өткөрүүдөн жалпы киреше 2018-жылдын экинчи чейрегинде 117 миллион 300 миң долларды түздү.

“Кумтөр” кенинде өндүрүлгөн Доре куймаларын КГК, “Кыргызалтын” ААКсы жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү ортосунда түзүлгөн алтын жана күмүштү сатып өткөрүү жөнүндө макулдашууда каралгандай, Кара-Балта шаарындагы аффинаждык ишканада кайра иштетүү үчүн “Кыргызалтын” сатып алат. Аффинаждалган алтын менен күмүштү өлкө аймагында жана анын сыртында сатып өткөрүү укугуна жалгыз “Кыргызалтын” ААКсы гана ээ.

Кыргыз Республикасынын казынасына төлөмдөр жана башка милдеттүү которуулар

2018-жылдын экинчи чейрегинде Кыргыз Республикасынын бюджетине салыктар, Социалдык фондуна которуулар жана милдеттүү төлөмдөр 1,69 миллиард сомдон ашты.

Эскертүү! 2009-жылдын 24-апрелиндегиКумтөрдолбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашууга ылайык, дүң киреше салыгын жана Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна салымды эсептөө үчүн негиз катары көрсөтүлгөн мезгилдеги продукцияны сатуудан түшкөн иш жүзүндөгү акча каражаты саналат.

1997-жылдын май айында өнөр-жайлык өндүрүш башталгандан тартып 2018-жылдын 31-мартына чейин Кумтөрдө жалпысынан 11 миллион 700 миң унция же 363,4 тонна алтын өндүрүлгөн.

Кыргыз Республикасы "Кыргызалтын" ААКсы аркылуу 77 миллион 401 миң 766 акция үлүшү менен «Центерранын» эң ири акционери. 2018-жылдын 13-августуна карата Кыргызстан акциялар үлүшүнүн наркы 349 миллион доллардан ашты.

“Центерра” жөнүндө кошумча маалымат жана пресс-релиз толугу менен SEDAR www.sedar.com системинде жана www.centerragold.com жана www.kumtor.kg корпоративдик сайттарда.

Электрондук дарек: media@kumtor.com

: @kumtorgold

: @KumtorKG

:Kumtor Gold

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан