Бишкек шаарында MDC компаниясынын смартфондорунун презентациясы тар чөйрөдө өткөрүлдү. Бул жаңы бренд өзүнүн товарларын мобилдик гаджеттер рыногуна сунуштай баштады.
Иш-чара баш калаадагы эң мыкты ресторандардын биринде өтүп, ага келген ар бир конок MDC Nova, MDC Primelite, MDC Optima жана MDC Prime S смартфондорун көрүп, колдонуп да көрүштү. Аталган компания сунуштаган смартфондордун такыр талаш жаратпай турган артыкчылыктары - мыкты камера, ички түзүлүшүнүн кубаттуулугу, манжалардын изин сканерлөө жана башка көптөгөн кызыктары менен болгону 5 миң сомдон 10 миң сомго чейинки баада сатылгандыгы.
Анан, албетте, MDC компаниясынын бардык продукцияларына 1 жылга кепилдик берилет.
Компаниянын товарлары сатылган жайлар - Бишкек шаарындагы:
✔ SVETOFOR,
✔ "Planeta GSM" дүкөндөр тармагы,
✔ ЦУМ: 1-кабат,
"SOTLAND", "ОПТОВКА N1", "МОБИЛИОН", "I SHOP beeline", "IMOBILE", "Мостовой", D-6, В-9,
✔ ГУМ: "Мостовой" жана аты коюла элек бир нече соода орундарында,
✔ "Берекет Гранд" соода борборунда,
✔ Кара-Балта шаарында "Чинар "полярис" соода борборунда.