Beeline: "Тез жана оңой – бул биздин урааныбыз!"

Beeline кеңселеринен заманбап гаджеттерди, популярдуу смартфондорду ыңгайлуу баага алсаңыз болот! Ошондой эле бизде ар дайым акциялар жүрүп турат. Замандын өзгөрүшү менен сатып алуулар, буюртма берүү тармагы өнүгүп жатат. Кардарлар үчүн сапаттуу буюм алуудагы ыңгайлуулук да маанилүү болуп калды. Beeline интернет дүкөнү кардарлардын кызыкчылыгын биринчи орунга коюу менен смартфондорду насыяга алуу жолдорун жөнөкөйлөттү.

Сапат менен жеткиликтүүлүктү максат кылган beeshop.kg интернет дүкөнүнүн артыкчылыктары тууралуу "Скай Мобайл" ЖЧКсынын программаларды жана долбоорлорду башкаруу боюнча жетектөөчү адиси Денис Антанаитис айтып берди.

"Көпчүлүк кабардар эмес болушу мүмкүн, бирок Beeline кеңселеринен жаңы смартфондордун баарын тапса болот. Биз буга чейин элде калыптанып калган стереотипти жоюу максатында иш алып баруудабыз. Азыр Samsung, iPhone жана Xiaomi маркаларынын смартфондору болсо, айдын аягында гаджеттердин бардык түрлөрүн сатып алууга мүмкүн болот. Албетте, кардарлар үчүн эксклюзивдүү маркаларды алып келүүгө аракет кылабыз. Муну менен биз өлкөдө гаджеттерди сатыкка чыгарган аянтча боло алабыз. Мобилдик оператор катары ар бир гаджеттин ээсине белектер болот. Мисалы, бонус катары күмүш жана күмүш+ номерлери, акысыз интернет берилет", - дейт Денис.

Келечекте интернет дүкөн түркүн тиричилик буюмдары менен толукталарын кошумчалады. Чаң соргуч, аба тазалагыч өңдүү заманбап техникалар сатыкка чыгарылат. Кардарлар үчүн смартфон алуу түйшүк жаратпай, ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Бул үчүн компаниянын өкүлдөрү сатып алуу процессин мүмкүн болушунча жеңилдетүүдө. Тез жана оңой эле смартфондорду, тиричилик буюмдарын үйдө отуруп же жумушта иштегенче сатып алсаңыздар болот. Сиз сураган жайга жеткирүү мүмкүнчүлүктөрү да каралган.

Beeline КЕҢСЕЛЕРИНДЕ СМАРТФОНДОРДУ НАСЫЯГА АЛУУ ТЕЗ ЖАНА ОҢОЙ

Эми насыя алууга болгону эки документ керек болот:

Кеңсе кызматкерлери үчүн:

- акыркы 6 айдын ичиндеги алган маянасы тууралуу маалымдама. Анда кызмат орду, салымдар жана салыктар жазылышы керек.

- Кыргыз Республикасынын жарандык паспорту (id карта).

- Жеке ишкерлер үчүн:

- патент (акыркы 3 ай төлөнгөн болушу керек) + квитанция

- Кыргыз Республикасынын жарандык паспорту (id карта).

НАСЫЯНЫН ШАРТТАРЫ

Насыя алуучунун жашы 21ден жогору болушу керек.

Насыя 6 же 12 айга берилет.

Насыянын суммасы 1 000 сомдон 70 000 сомго чейин болот.

Биринчи төлөм - телефондун наркынан 10% башталат.

Банктын жылдык пайыздык ставкасы 32,5% түзөт.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан