Мобилдик капчык автотранспортко болгон салыкты комиссиясыз төлөгөнгө жардам берет

Beeline компаниясы менен Мамлекеттик салык кызматынын биргелешкен алгачкы сынактык долбоору ушул жылдын 13-августунан башталып 1-сентябрга чейин уланат. Ал долбоордо автотранспорт ээлерине унаасы үчүн салыкты смартфон менен эле Balance.kg'нин каржылык платформасын колдонуу менен төлөө сунушталат.

СкайМобайл (ТМ Beeline) жоопкерчилиги чектелген коомунун өкүлү Айгерим Матамарованын айтымында, Balance.kg - бул өзүнүн убактысын жана акчасын баалагандар үчүн жакшы мүмкүнчүлүк.

"Биринчиден, бул систем абдан ыңгайлуу. Сиз тиркеменин интерфейсине тиешелүү маалыматтарды жазгандан кийин салыктын суммасы дароо эсептелинет, телефондун экранын көрсөтүлгөн багыттар боюнча 2 жолу баскандан кийин эле сиз салыкты төлөгөн болосуз. Ал эми сизге салык төлөгөндөгү чек электрондук почтаңызга жөнөтүлүп каалаган убакытка чейин сакталып тура берет.

Экинчиден, бул тиркемени пайдалануу - пайда алып келет. Тактап айткада төлөм үчүн комиссия алынбайт", - дейт Матамарова.

Төлөмдөрдү ишке ашырууда мобилдик капчыкты колдонуу үчүн эмне кылуу керек?

* Balance.kg тиркемесин көчүрүп алып ага кириңиз,

* "Салыктар" категориясын ачып, андан "Жеке адамдар үчүн транспорттук каражаттар" деген тизмени тандаңыз;

* Салыктык калькуляторго тиешелүү маалыматтарды жазыңыз;

* Жеке маалыматтарыңызды толтуруңуз (ИНН, унааңыздын үлгүсү жана башка)

* Төлөмдү ишке ашыруу.

Транспортко салыкты милдеттүү түрдө төлөө керек, төлөөнүн мөөнөтү 1-сентябрда аяктайт. Өз убагында салык төлөбөгөн унаа ээлерине 2 миң сомдон айып салынат жана күнүнө салыктын суммасынын 0,09 пайызы туум катары өсөт.

Balance.kg - өзүңдүн мобилдик номериңе эсепти толтуруу аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүүнүн платформасы. Бүгүнкү күндө бул мобилдик каржылык төлөмдөрдү жүргүзгөн платформалар арасынан лидер болуп келе жатат. Кызматтан айына 60 миңден ашык колдонуучу пайдаланышууда.

Кошумча маалыматтарды balance.kg сайтынан окусаңыз болот же 888 телефон номерине байланышыңыз. Мындан тышкары +996 774 82-88-88 WhatsАpp номери иштейт.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан