Жогорку технологиялар паркынын директору: "Коопсуз шаарды" ишке ашыруу жергиликтүү адистердин потенциалын ачат"

"Коопсуз шаар" долбоору боюнча онлайн-аукционду өткөрүү 23-августка пландалган. Подрядчиктер бул долбоор боюнча ишке ашыра турган жумуштар 2 лотко бөлүнгөн. Башкача айтканда, бир учурда эки жеңүүчү подрядчик болушу мүмкүн. Андан сырткары компаниялар консорциум алкагындагы тендерге катыша алат. Булардын баары ири компанияларга эле эмес, кичи жана орто компанияларга да мамлекеттик масштабдагы долбоорго катышууга мүмкүнчүлүгүн берет.

“Конкурстун талаптарына ылайык, тажрыйбасы бар бардык компаниялар аукционго катыша алат. Ошол эле учурда компаниялар ушул сыяктуу долбоорлорду ишке ашырууда ийгиликтүү тажрыйбага ээ болушу керек. Мындан тышкары компаниялар консорциумдардын алкагында билдирме таштай алат. Ошентип жергиликтүү адистер үчүн тажрыйбасы көбүрөөк чет өлкөлүк кесиптештери менен биригүүгө мүмкүнчүлүк ачылат”, - дейт Жогорку технологиялар паркынын директору Алтынбек Исмаилов.

Онлайн-конкурстун шарттарына ылайык, чет өлкөлүк компаниялар аукционго түздөн-түз катышса болот. Бирок эгерде конкурска консорциум катышса, анда анын мүчөлөрүнүн бирөөсү сөзсүз Кыргыз Республикасынын резиденти болушу керек. Резидент-компания консорциумга формалдуулук үчүн эле киргизилип калбашы үчүн катышуучуларга талаптар бекитилген. Ага ылайык, бирикменин лидери аткарган иштери жалпы көлөмүнөн 45 пайыздан, консорциумдун мүчөлөрүнүкү 25 пайыздан кем эмес болуш керек. Бирикменин лидери аткарган иштеринин минималдык көлөмү акыркы 3 жылда 10 миллион доллардан кем эмес болушу зарыл.

Эгер жергиликтүү компания консорциумга лидер эмес мүчө катары эле катышса, анда анын кызмат көрсөтүү көлөмү акыркы 3 жыл ичинде 2,5 миллион доллардан кем эмес болушу керек.

"Коопсуз шаар" долбоорунун маанилүү бөлүктөрүнүн бири - бул автоматташтырылган маалыматтык систем. Анын негизинде түрдүү мекемелер жол эрежесин бузуу тууралуу протоколдор менен өз ара иштешет. Аппараттык-программалык комплекстерден маалыматты алуу, токтомдордун долбоорун түзүү, тиешелүү органга жеткирүү - мунун баары жергиликтүү адистердин күчү менен ишке ашат.

“Кыргыз адистеринин аталган долбоорду ишке ашырууга тажрыйбасы жана билими жетиштүү. Биздин адистер бүгүнкү күндө чет өлкөлөрдө суроо-талапка ээ. Биздин паркыбыздын маалыматына таянсак, резиденттердин 80 пайызы өзүнүн кызматтарын чет өлкөлөргө жөнөтүшөт. “Коопсуз шаар” долбооруна ата мекендик программисттердин катышуусу алар үчүн ири тажрыйба жана кийин дагы ушул масштабдуу долбоорлорду бизде эле эмес, башка мамлекеттерде да ишке ашыруусуна шарт түзөт”, - дейт Алтынбек Исмаилов.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан