Кыргыз өлкөсүндөгү биринчи супермаркет ачылган жерде эми көптөн күткөн Globus-"Береке" дүкөнүнүн ачылыш аземи өтөт

Globus дүкөндөр тармагы 24-августта саат 10:00дө "Береке" форматындагы 2-дүкөнүн салтанаттуу түрдө ачат. Ал Бишкектеги Чүй кең көчөсүнүн 150а дарегиндеги Beta Stores-1 соода борборунун биринчи кабатында жайгашкан. Бул гипермаркеттин ачылышы Бишкектин көптөгөн жашоочулары жана коноктору, өзгөчө баш калаанын тургундары күтүп келген иш-чара болуп эсептелет.

"Береке" ("Благодать") форматындагы гипермаркеттер - Globus тармагындагы өзгөчө дүкөндөр. Анда алкоголь жана чочко этинен азыктар сатылбайт. Мындай дүкөндөргө Бишкекте суроо-талап көп. Ар бир кыргызстандыкка бирден Globus болушу керек деген соода тармагы жогоруда аталган товарлардан көз карашы түрдүү жана ар дайым сүйүктүү керектөөчүлөр үчүн баш тартты.

Мындай биринчи дүкөн Бишкектеги Юнусалиев 177/2 дарегинде жайгашкан Beta Stores-2 соода борборунда 8-августта ачылган. Ал гипермаркеттин ачылышы ынтымактуу атмосферада шаңдуу, чыныгы майрамдай өткөн.

Кыргыз өлкөсүндөгү биринчи супермаркет ачылган жерде...

"Берекенин" 2-гипермаркети соода тармагынын тарыхында орду бар жайда ачылып жатат. Дал ушул Beta Stores соода борборунда 2000-жылдын июль айында Бишкекте биринчи супермаркет ачылган.

Убакыт өтүп ачык атаандаштык күрөштүн натыйжасында эми бул орунда легендарлуу деп атасы боло турган Globus тармагынын гипермаркети орун алганы турат. Бул соода тармагы 3 жыл аралыгында эле кыргызстандыктардын сүймөнчүгүнө жана суроо-талабын көп жараткан ондон ашык дүкөнүн ачты.

Дээрлик 20 жыл мурун Кыргыздагы 1-супермаркеттин ачылыш аземинде улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов "Ар бир адам соодага үзүлгүс жип менен байланган. Соода - цивилизациянын деңгээлинин көрсөткүчү" деген. Анын сөздөрү Globus'тун ураанына туура келет. Кыргыз элинин дээрлик басымдуу бөлүгү сактап жана ыйык тутуп келген салт-санаа, тарыхты туу тутуу менен гипермаркетке "Береке" деген ат тандалган. Ал эми анын заманбап форматта ишке ашышы биздин өлкөнүн өнүккөндүгүнүн көрсөткүчү.

Ыңгайлуу жайгашкан

"Береке" жаңы гипермаркети баш калаанын борборунда ачылып жатса да ал бардык ыңгайлуу инфраструктураны орноштурат. Бул жерде соода борбордун айланасында унаа токтотуучу жай каралган, ага Киев же Исанов көчөсү аркылуу кирүүгө мүмкүн. Дүкөнгө шаардын бардык жеринен унаа каттайт, демек, шаардыктарга жана конокторго дүкөнгө келип соода кылууга абдан ыңгайлуу.

Гипермаркеттин күнү-түнү, жумасына 7 күн иштегендиги өзгөчө кубандырат.

Баарына жеткиликтүү баа

Globus'тун башка дүкөндөрүндөй эле "Берекеде" да товарлар эң арзан баада. Соода тармагы өлкөдөгү өндүрүшчүлөр жана чет өлкөнүн товарын ташыган ишкерлер менен түз иштешет. Алардын атаандаштыгы бизге алып келген товарларга кепилдик беришет - бул деген керектөөчүлөргө товарды арзан баада сатууга мүмкүндүк экенин кабар берет.

Ошондой эле "Береке" дүкөндөрүндө керектөөчүлөр сүйгөн "Ооба! Мыкты баа" акциясы өтөт. Бул акцияга тиешеси бар товарлар башка соода орундарындагы товарлардан арзан экендигине кепилдик берилет.

Чыныгы майрам

24-августта саат 10:00дө Beta Stores-1'де "Береке" дүкөнүнүн ачылышына келиңиздер. Сиздерди эстрада жылдыздары жана балдар үчүн цирк шоу программалары коштогон унутулгус майрам күтөт.

Анан, албетте, бул майрамга катышкан бир да тургун белексиз кайтпайт. Акциялар, арзандатуулар жана көптөгөн белектер күтөт.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан