"Газпромнефть" май куюучу жайлар тармагынын ыктыярчылары "Экоквест" акциясында жарым тонна таштанды топтошту

Кыргыз өлкөсүнүн Эгемендүүлүк күнүнө жакын, 23-августта "Газпромнефть" май куюучу жайлар тармагынын жана "Эко Деми" коомдук фондунун колдоосу менен таштандыларды тазалоо акциясы өттү. Мындай иш-чара Боз-Болток тоосундагы флагштоктун аймагында өткөрүлгөн.

Экологиялык акция кызыктуу изденүүгө айланды: катышуучулар командаларга бөлүнүшүп, ар бир таштанды топтолгон бир кап жана экология жөнүндө берилген суроолордун туура жообу үчүн балл топтолуп жатты. Акцияга ишкананын гана кызматкерлери эмес, тазалыкка кайдыгер карабаган активист тургундар, "Эковолонтер" клубунун ыктыярчылары да катышты. Мындай иш-чараны өткөрүүнү "Газпромнефть" май куюучу жайлар тармагынын стратегиялык өнүгүү боюнча башкы адиси Руслан Гайдаров демилгелеген.

Жалпы катышуучулардын тынымсыз аракетинин натыйжасында жалпысынан жарым тонна таштанды топтолгон. Иргелип алынган таштандылар кайра иштетүү үчүн жөнөтүлсө, кайра иштетүүгө жараксыз бөлүгү полигонго жеткирилген.

Руслан Гайдаров, "Эковолонтер" ыктыярчылар клубунун жетекчиси:

- "Иш-чара "Таза келечек - азыркы таза жашоо" деген ураан менен өттү. Жылдан жылга биздин өлкөдөгү эң кооз жерлердин булганып жаткандыгы курч маселеге айланып бара жатат. Адамдар ойлонбой эле эс алуучу жерлерге бөтөлкө, банка, желим баштыктарды жана башка таштандыларды таштап кетишет. Андыктан экологиялык жаатта маданиятты тарбиялоо өтө маанилүү. Албетте, бул бир күндө эле же бир акция менен эле ишке аша калбайт. Мындан улам биздин экологиялык долбоорго кошулуп, өзүбүз үчүн таза айлана-чөйрөнү түзүүгө бардык жарандарды чакырабыз".

Тимур Кыдыралиев, "Газпромнефть" май куюучу жайлар тармагынын өндүрүштүк коопсуздук, эмгекти коргоо жана жарандык коргонуу бөлүмүнүн башчысы.

- Айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоо - компаниянын эң негизги приоритеттеринин бири. Биз дайыма мындай долбоорлорду колдоого даярбыз. Ар бир экологиялык акция - ар бирибиздин таза келечек үчүн аз, бирок маанилүү салымыбызды кошоконубуз болуп эсептелинет.


кошулду
"Газпром Нефть Азиянын" ыктыярчылары "Экоквест" акциясында жарым тонна таштанды топтошту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан