"Нектар Солнечный", "Da Da Day", "Пиала", "Pepsi" жана башка сиз билген дүйнөлүк бренддеги суусундуктарды чыгарган RG BRANDS компаниясына сапар

RG BRANDS - Казакстандагы жана Борбор Азиядагы суусундук жана тамак-аш продукциясын чыгарган ири компаниялардын бири. 1994-жылы негизделген компания коңшу өлкөдөгү өндүрүштүк көлөмү чоң 4 заманбап ишкананы өзүнө камтыйт. Эки миңден ашык жаранды жумуш менен камсыз кылган RG BRANDS компаниясы суусундук, муздак жана ысык чай, сүт жана чипсыларды чыгарат. Өндүрүлгөн продукция Орусия, Казакстан жана Кыргыз жергесине экспорттолот. Мындан тышкары RG BRANDS - "PepsiCo International" жана "Lipton International" компанияларынын Казакстан жана Кыргызстандагы расмий өнөктөшү.

RG BRANDS компаниясына кирген "Аксенгир" ААКсы - Борбор Азиядагы заманбап технологиясы бар, дүйнөлүк талапка жооп берген эң чоң ишкана. Ал 2008-жылы курулуп, 2009-жылы биринчи жолу суусундук чыгарган. Ишкана белгилүү бренддеги "Нектар Солнечный", " Da Da" жана "Gracio" ширелерин, газдалбаган сок кошулмасы бар суусундуктар "Da Da Day", "Нектар Солнечный", муздак чай "Lipton", "Пиала" жана жыпар жытуу даамы бар "A’SU" суусундугун чыгарат. Андан тышкары ишкана дүйнөлүк бренд "PepsiCo International" жана "Pepsi Lipton International" расмий өнөктөшү катары "Pepsi", "7 up", "Mirinda", "Lipton" сыяктуу дүйнөлүк бренддеги суусундуктарды өндүрүп, Борбор Азия өлкөлөрүнө экспорттойт.

Аянты 21 гектарды ээлеген "Аксенгир" ишканасы Алматы шаарынан алыс эмес Ельтай айылында жайгашкан. Анда 270 жумушчу иштейт. Баары өз ишин мыкты билген адистер. Ишкананын сапат боюнча башчысы Гульчихра Аблезованын айтымында, суусундук чыгарууда сапатына кылдат көңүл бурулат.

Суусундукка кошулуучу суу 270 метр тереңдиктен алынып, 7 жолу тазаланат. Суусундук даяр болгон соң сапатын текшерүү үчүн адистер атайын лобораториядан өткөрөт. Ал жактан суусундуктун буралган капкагынан тартып, түсүнө чейин толук курамы текшерилет. Суусундукту чыгарууда ишкананын ичинен тартып колдонулган техникага чейин таза болушу зарыл. Баарын заманбап автоматташтырылган техника аткарат. Бул кадам өндүрүштүн сапатынын стабилдүүлүгүн сактап, өндүрүштүк жараксыз суусундуктардын алдын алууга жардам берет. Компания чыгарган продукциянын сапаты дүйнөлүк стандартка жооп берерин адистер белгилеп келишет. Буга мисал катары Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев RG BRANDS компаниясы чыгарган товарлардын сапатына жогорку баасын берип, "калк үчүн товар чыгарган мыкты өндүрүштүк компания" деп таап "Алтын сапат" сыйлыгын ыйгарган.

Суусундуктар дүкөнгө жеткенге чейин ортодогу эрежелер капыстан бузулса продукцияга зыян келиши мүмкүн. Мисалы транспортко жүктөөдө жана аны түшүрүүдө, кампада сактоодо. Суусундук бузулуп калбаганын кантип билсе болот? RG BRANDS компаниясы кардарларына жөнөкөй сунуштарды эске алууну сунуштайт.

1. Суусундукту же шириндикти алууда анын бүтүндүгүнө маани бериңиз.

2. Капкактын негизинде жайгашкан шакекчеге көңүл буруңуз. Эгер капкак ачылган болсо, шакекче капкактан өзүнчө жайгашкан.

3. Ачылган суусундукту 24 саат ичинде ичүү зарыл. Анткени жогоруда көрсөтүлгөн убакытта витаминдер жана пайдалуу жемиштер өзүнүн күчүн сактап турат.

"Da Da Day", "Pepsi" сыяктуу дүйнөлүк бренддеги суусундуктарды чыгарган RG BRANDS компаниясына сапар
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан