"WhatsApp English" долбоорунун негиздөөчүлөрү: "Кыргыз эли колдоп турса, Кудай буюрса, дагы көптөгөн жакшы долбоорлорубуз ишке ашат"

"WhatsApp" тиркемесин баарлашуудан башка дагы кандай максатта колдоносуз? Ватсап аркылуу англис тилин үйрөнүү мүмкүн экенин билет белеңиз? Бүгүнкү макалабызда дал ушул нерселер тууралуу сөз болот.

- Саламатсызбы? Өзүңүздөрдү тааныштыра кетсеңиз.

- Саламатчылык. Менин атым Чыңгыз, долбоордун менеджеримин. 2 мугалим менен долбоорду 1 жылдан ашуун убакыттан бери ишке ашырып келебиз. Мугалимдер Максат жана Акылбек. Алар Америкада окуп келген, англис тилин мыкты билген, ишин чындап сүйгөн тажрыйбалуу, кесипкөй мугалимдер.

- Долбоордун максаты эмне?

- Бизде WhatsApp тиркемесин өлкөнүн тээ алыскы аймактарында дагы колдонуп келишет. Максатыбыз - ар бир мекендешибизге англис тилин үйрөтүү. Башка курстардан айырмабыз - кайсы жерде болбоңуз, ватсапыңыз эле болсо, англис тили сиз менен; көчөдөбү, пикниктеби, саякатта жүрөсүзбү айырмасы жок. Өтүлгөн сабак сиздин телефонуңузда сакталат. Атайын курска барып келүү үчүн убакыт коротпойсуз. Анан арзан. А негизги өзгөчөлүгүбүз - "Америка акценти" деген сабагыбыз бар. Тамга, тыбыш кандай, кайсы жерден чыгат, артикуляторлор кандай колдонулат, мына ошолорду үйрөтөбүз.

Ар бир мекендешибизге англис тилин үйрөтүү менен бир аз жол ачсак, калган көп нерселерди алар өздөрү үйрөнүп алат деп ишенебиз. Дүйнөдө калкы англис тилинде сүйлөгөн өлкөлөр дүйнөлүк рынокко чыга алышат. Кайсы кесиптин ээси болбосун адам англис тилин эле билсе дүйнө менен иштеше алат. Азыркы учурда англис тилин билген мекендештерибиз дүйнөлүк деңгээлде соода кылып келет, мисалы, Кыргызстанда туруп Амазон деген чоң сайт аркылуу товар сатышат же чоң компанияларга программа жасаган балдарды кезиктирүүгө болот. Булардын баары тилди билбегенде мындай ийгиликтерди багынта алмак эмес.

- Жетишкендиктериңиздер тууралуу сөз кылып берсеңиз?

- Айтмакчы, бизде Кыргызстандагы эле жарандар эмес, чет өлкөгө чыгып, англис тилинен кыйналган мекендештерибиз дагы катталган. Мисалга алсак, Орусия, Казакстан, Кытай, Америка, Түркия, Польша, Чехия, Түштүк Корея, Египет жана башка. WhatsApp English курсубуздун жетишкендиктери тууралуу айтып кетпесек болбойт. Орусиядан бизге жазылып окуган Асел аттуу айым 6 айдан кийин Орусиядагы кыргыз мекендештердин балдарына сабак өтүп баштады. Дагы бир окуучубуз: "Мурда америкалыктар англисче сүйлөсө түшүнчү эмесмин, сиздерден акцент сабагын алган соң АКШ президенти Трамптын сүйлөгөндөрүн угуп, түшүнө баштадым", - деп ою менен бөлүшүп кетти.

- Сиздерге кантип катталышат?

- Катталууну каалагандар ватсап аркылуу байланышса (0770 521 321 ) маалымат берип, үлгү видео-сабак жиберебиз. Сабак жакса, бизге окутуу акысын алдын ала төлөйт, биз группага кошобуз.

- Командаңыздар менен дагы кандай долбоорлорду иштеп чыгууну пландап жатасыздар?

- Кыргыз элибиз колдоп турса, Кудай буюрса, дагы көптөгөн жакшы долбоорлорубуз бар. Учурда Акылбек мырза иниси менен Ватсап аркылуу орус тилин үйрөтүү долбоорун иштеп чыкты. Каалоочулар (0771 551 796) ватсап аркылуу байланышса болот. Ал эми биз Максат мырза менен өзүн өнүктүрүү боюнча тренингдин план-программасын иштеп чыктык. Бул да ватсап аркылуу (0770 521 321) болот. Катышуучулар убакытты пландуу колдонуп баштаганын, өзүнүн потенциалына болгон ишениминин жогорулаганын, жан дүйнөсүндө, жумушунда, үй-бүлөлүк жашоосунда чоң өзгөрүү болгонун байма-бай ыраазычылык иретинде айтып келүүдө. Каалоочуларды күтөбүз.

Толук маалыматты каалоочулар http://edulab.kg/ сайтынан окуй алышат.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан