Мындан бир топ жыл мурун үйгө кирген кылмышкерлер үй ээлерин кыйнап өлтүрүп, баалуу буюмдарын алып кетишкен. 1 жумадан кийин кылмыштын бети ачылып, кылмышка шектелип 3 жигит кармалган. Дагы бирөөсү из жашырып кетип, дале кармала элек.
Көп жылдар бою кылмыш иликтөө тармагында иштеген Нурбек Жолоев ошол оор кылмыш тууралуу: “Үйдүн сыртындагы бастырмага чыгып келген Шарипа Султанованы Хуршид Кадыров оюнчук тапанча менен коркутуп, акча берүүсүн талап кылат. Султанова каршылык көрсөткөндө Кадыров колундагы таяк менен сабап кирет”, - дейт.
Каргашалуу окуя тууралуу “Супер-Инфо” гезитинин жаңы (№827, 7-сентябрь, 2018-жыл) санынан окуй аласыз.