Милиция кызматкери жумуштан бошоп, кантип байып кетти? "Бакай Банктын" ийгиликтүү кардарлары бизнестеги сырлары менен бөлүшөт

Ушул жылдын декабрь айында "Бакай Банк" ачык акционердик коому өзүнүн 20 жылдык мааракесин белгилейт. Бул биз үчүн белгиленген дата гана эмес, символикалык белги, чек. Буга байланыштуу банк эң ийгиликтүү кардарларынын интервьюларын жарыялайт. Алар бизнес киреше алып келиши үчүн аны туура жүргүзүүнүн жолдорун айтып беришет. Мындан тышкары ишкерликтеги тажрыйбасы жана жашоого болгон көз карашы менен бөлүшөт.

Ишкер Марат МолдобаевМарат Молдобаев 10 жыл мурун милицияда кызмат кылып жүргөндө анын жашоосу 180 градуска буруларын, катардагы мамлекеттик кызматкерден ийгиликтүү бизнесменге айланарын ойлогон эмес. 38 жаш курагына чейин ал көп нерсеге жетишти, бирок өнүгүүнүн чеги жок деп түшүнөт. "Бакай Банктын" 6 жылдан берки туруктуу кардары Молдобаев чоң ийгилик ага жөн эле келип калбаганын, башка ийгиликтүү адамдар сыяктуу эле кыйынчылыктарды басып өтүүгө, мүнөзүн бышырып-жетилтүүгө, көйгөйлөр менен күрөшүүгө жана масштабдуу ойлонууга үйрөнгөнүн айтат. Милициядан башка кесипке өтүү тобокелинен коркпой, канцелярия товарлары бизнесинде өз ордун тапкан ишкердин интервьюсу төмөндө:

- Сиздин оюңузда Кыргыз өлкөсүндө ишкерлерге бизнес жүргүзүү канчалык жеңил же оор?

- Кыргыз өлкөсүндө Түркия, Дубай, Таиланд, Орусия ал тургай коңшу Өзбекстан, Казакстанга салыштырмалуу бизнес ачуу оңой. Бул үчүн жакшы идея, башталгыч капитал жана өзүңдүн эмне каалап жатканыңды таамай билишиң керек. Мыйзам тараптан эч кандай тоскоолдуктар жок жана бизнес жаатында ачык турган бир канча "айнектер" бар. Орусия, Түркия жана башка өнүккөн өлкөлөрдө көп идеялар ишке ашып кеткен, жаңы идея табуу кыйын. Аларда бизнести жүргүзүү династиясы да өнүккөн, ишкерчиликте орун табуу оор. Ал эми бизде нөлдөн баштап бизнес жүргүзүп кетсе болот.

Мен милиция кызматынан кеткенден кийин жарым жылдай депрессияда жүрдүм. Андан кийин жашоого каражат табуу үчүн бычмачы болуп ишке кирип, 3 жыл иштедим. Ошол кезде жубайымдын "Ош базарында" канцелярия товарларын саткан чакан орду бар эле. Жумуштан бошой калганда ага товар ташып келип берчүмүн. Ошентип жүрүп кайсы жерде канцелярия буюмдары дүңүнөн арзан сатылат, аны кантип чыгарса болот деп ойлонуп жүрүп, ушул ишке кандай өтүп кеткенимди билбей калдым.

Албетте, бизнести өнүктүрүү үчүн көп каражат салдым, айылдагы мал чарбамды - 600-700 баш койду, 20 жылкымды сатып ушул бизнеске каражат сарптадым. Түшкөн пайданын көп бөлүгүн аны өнүктүрүүгө жумшайм. Тамак-аш, кийим, бензин сыяктуу өтө зарыл болгон нерселерге гана акча керектеп калганын бизнести өнүктүрүүгө салам.

Товарлар 2 түргө бөлүнөт, жылуу жана муздак деп. Кагаз жылуу товарга кирет. Мага ал менен иштөө жагат, кандай учур болбосун адамдарга кагаз, китеп, калем, учтагыч керек болот, демек, менин ишим уланат.

- А кайсы багытта билим алгансыз?

- ИИМдин алдындагы академияны юрист-укук таануу багытында бүтүргөм.

- Сиз такыр башка тармаккка кесибиңизди алмаштырдыңыз, демек, сизде ишкерчилик жөндөм бар экен да?

- Ооба, ошон үчүн да милициядан кеткем. Мага мени бирөөнүн башкарып, буйрук бергени жакпайт. Анткени биздин үй-бүлө бири-бирибизге кийлигишпегенге, кеңешүүгө көнгөнбүз. Атам да эмне жумуш жасагың келсе жаса дечү, 6-классымда малды өзүм сатып келчүмүн. Ата-энем мага ишенчү, мындан улам органда иштөө мен үчүн басынтып жаткандай болчу. Азыр өзүмдү эркин сезем.

- 9 жыл аралыгында бизнесиңиз кандай деңгээлге өстү?

- Менин айлануудагы акчам 100, 200 эсеге өстү. 2009-жылы жеңил унаам бар болчу, болгон товарым ошонун ичине батып кетчү. Азыр 3 контейнер үстүндө 40 тонналык кампасы менен мындан тышкары 2 кабаттуу 40 тонналуу 4 контейнер бар. Биз Түркия, Орусия, Кытай, Индия, Дубай жана башка жактардан товар ташыйбыз. Мен алкоголдук ичимдиктерди, тамеки же адамга зыяндуу товарды сатпайм, билим алууга керектүү буюмдарды ташыйм. Ошого кубанам.

- Эмненин негизинде бизнесиңиз ийгиликтүү өнүктү деп ойлойсуз?

- Адам алдыңкы 5-10 жылды ойлонуп, көрө билүүсү керек. Мен ошондой ой жүгүрткөнгө көндүм. 4 кызым чоңоюп жатат, аларга билим берип, жакшы жашоосун камсыздашым керек. Ушул ой мага күч-кубат берет. Албетте, үй-бүлөнүн, ата-эненин колдоосу да маанилүү.

Жумуштагы оорчулуктарды айта турган болсом, эң башкы түйшүк - бул кайтып келчү капиталдын көлөмүн өстүрүү. Торт саткандар жыл бою Жаңы жылды күткөндөй, биз да жыл бою даярданып, 1-сентябрды күтөбүз. Ошол даярдык жакшы болушу керек.

- Бизнес үчүн дагы кандай аракеттерди көрдүңүз?

- Башында азыраак эле каражатым бар эле, кийин насыя алууну чечтим. Банктардын биринен насыя алып, үстөк пайызынын көптүгүнөн кыйналдым. Кийин бир нече банктарды байкам көрсөм ошол эле көрүнүш. Ошондо сатуучулардын бири "Бакай Банк" менен иштешкенин айтып сунуштап калды. Андан насыя алып, график менен төлөп бүттүм. Кийин кайра дагы насыя алып, мөөнөтүнөн мурда төлөдүм. Буга байланыштуу мага мурдагыдан да чоң суммадагы акча берүүсүн сурандым, банк менин сунушумду кабыл алып, үстөк пайызын да 4 пайызга төмөндөтүп берди. Ошентип көп жылдан бери "Бакай Банк" менен иштешип келе жатам. Сыйлуу кардары катары көрүп, абдан жакшы тейлөө көрсөтүп турат.

- Ушул жылы "Бакай Банктын" негизделгенине 20 жыл толот. Ал үчүн мындай мөөнөт эмнени билдирет деп ойлойсуз?

- Банкка 20 жыл - өтө көп эмес мөөнөт. Мен сиздердин банкка ийгилик, өнүгүүнү каалайм. Жергиликтүү банктар Кыргыздын өнүгүүсүнө бараандуу салым кошуп жатат, башкалар муну байкайбы билбейм, бирок эгер "Бакай Банк" болбосо мен мындай ийгиликке жетет белем деп ойлойм. Сиздердин жамаатта көптөгөн жаш адистер бар, демек, келечегиңиздер кенен. Бир каалоом - филиалдарыңыздар көбөйсө дейм. Бардык тааныштарга, мени менен иштешкендерге мыкты тейлөө көрсөткөн банк катары "Бакай Банкты" сунуштайм. Азыркыдан да кардарларыңыздар көбөйүшүн, алардын сиздердин сылык, ыңгайлуу кызматыңыздарды баалашына тилектешмин.

"Бакай Банк" ААКсы 20 жылдан бери Кыргыз өлкөсүнүн жашоочуларына каржы жаатында жардам көрсөтүп келет. Азыркы учурда 70 сактык кассасы жана филиалдары өлкөнүн ар бир региондорунда өз кызматын сунуштайт.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан