Бизнес баштайм десеңиз жагымдуу жаңылык! Бишкекке балдардын бренддик кийимдерин чыгарган Түркиянын 70 ишканасынын өкүлдөрү келет

11-сентябрда Бишкек шаарындагы "Дамас" отелинде балдар жана бөбөктөр үчүн кийим-кече өндүрүүчүлөрүнүн ири форуму болуп өтөт. Форум Бурса шаарынын Соода жана өнөр-жай палатасы менен Түркиянын Соода министрлигинин колдоосу алдында уюштурулуп жатат.

Форумга балдар үчүн кийим-кече өндүрүшү менен алектенген жетимиштен ашуун түрк ишканаларынын өкүлдөрү катышат. Иш-чара кыргыз ишкерлери үчүн жаңы кызматташтыктарды жаратуу жана бренддик балдар кийим-кечесин алып келүү боюнча келишимдерди түзүү мүмкүнчүлүктөрүн жарата турган уникалдуу аянтча боло алат.

Форумга катышкан түрк ишканаларынын көпчүлүк бөлүгү балдар кийим-кечесин өндүрүү тармагында 15 жылдан ашуун убакыттан бери эмгектенип, чет өлкөлүк рынокторго чыгуу багытында ири потенциалга ээ. Түрк ишканалары аймактык жана дүйнөлүк рыноктор үчүн жаңы моделдерди өздөрү иштеп чыгышат. Бүтүндөй Түркия мамлекети үчүн балдар кийим-кечесинин 80 пайызы Бурса шаарында тигилет. Өлкө боюнча 4 миңге жакын тигүүчү цех менен фабрикада 60 миң киши жумуш менен камсыз болгон.

Өткөрүлө турган форум эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда кызматташтыкты орнотуу үчүн маанилүү этап боло алат. Иш-чаранын алкагында Бурса шаарынын Соода жана өнөр-жай палатасы менен Кыргыз Республикасынын Соода жана өнөр-жай палатасынын ортосунда балдар кийим-кечесин өндүрүү жана сатуу тармагында өз ара кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлушу күтүлүүдө.

Кыргызстандык жана Борбордук Азиянын бардык аймагынан келген 500 ишкер катыша турган форум жергиликтүү бизнести өнүктүрүү жана ошондой эле эки өлкөнүн ишкерлеринин кызматташтыгынын жаңы форматтары үчүн негиз түзө алат.

Бардык кошумча суроолор боюнча төмөнкү дарекке-телефонго кайрылыңыздар:

Тел.: 0559 98 02 35 Үмүт, 0557 21 86 83 Назгүл.

Е-mail: conference@concept.kg


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан