"Газпромнефть" "АРАКЕТ КЫЛЫП, УТУП АЛ!" акциясынын II этабындагы жеңүүчүлөргө белектерди тапшырды

"Газпромнефть" үчүн кардарларга белек берүү салтка айланган. Компания 12 жылдан бери автоунаа ээлерин сапаттуу күйүүчү май менен эле камсыздабастан, ар түрдүү оюн-зоок, акциялары менен да кубантып келет. Алардын арасында турак-жай, автоунаа, үй тиричилик техникалары жана башка бир топ керектүү белектер бар.

11-августта Сухэ-Батор көчөсүндө жайгашкан "Газпромнефтиде" "АРАКЕТ КЫЛЫП, УТУП АЛ!" акциясынын II этабындагы жеңүүчүлөргө белектерди тапшыруу аземи орун алды. Бактылуу жеңүүчүлөрдү сыналгы, ноутбук, "Gergert Sport" спорттук велосипеддери, Xiаоmi смартфондору, авторегистраторлор, "Chаngе Fitness" фитнес-клубунун карталары жана G-Drivе күйүүчү майын алууга сертификаттар күтүп турган.

Эске салсак, 86 баалуу белекти ойнотуу 29-августта 89.00 жыштыгындагы "Рекорд" радиостанциясынын түз эфиринде орун алган. Анда жеңүүчүлөрдү Random программасынын жардамы менен көз карандысыз комиссия аныктаган.

Жеңүүчүлөрдү куттуктоо үчүн компаниянын атынан "Газпромнефть Азиянын" башкы директорунун орун басары Алишер Жолчиев келген.

"Жеңүүчүлөрдү чын жүрөктөн куттуктап, биздин компанияны тандаганыңыздарга ыраазычылык билдиребиз. Убакыттан пайдаланып, "АРАКЕТ КЫЛЫП, УТУП АЛ!" акциясынын III этабына катышууга чакырам. Биз сиздердин ишенимиңиздерди баалайбыз жана сиздер үчүн иштейбиз, урматтуу айдоочулар. Сиздерге орусиялык сапаттуу күйүүчү майды колдонууга өбөлгө түзүп берүү - биздин милдет", - деген ал.

Кеченин эң кызыктуу жери дүйнөнүн каалаган жерине барып эс алуу үчүн 2 кишилик жолдомо утуп алган Владимир Мельковго белек тапшыруу учуру болгон.

"Азыркыга чейин жолдомо утуп алганыма ишене албай турам. Акцияга башынан баштап катышып келем. Чынын айтсам, Куба өлкөсүнө барып эс алууну көптөн бери кыялданчумун. Буга мүмкүнчүлүк түзүп берген "Газпромнефтиге" ыраазычылык", - деди ал.

Ошондой эле сыналгы утуп алган Майрамбек Турпанбаев да кубанычы менен тең бөлүштү:

"Унаама дайыма Нарындын Кочкор районунда жайгашкан "Газпромнефтиден" май куйчумун. Ал жакта тейлөө жакшы жана күйүүчү май да сапаттуу. Бүгүн минтип сыналгы утуп алдым. Бул үчүн компанияга терең ыраазычылык билдирем", - деди ал.

Алдыда унаа айдоочуларды акциянын III этабы күтүүдө. Анда 2018-жылы чыккан Rеnаult Kаptur эксклюзивдүү автоунаасы ойнотулат.

III этап ушул жылдын 31-октябрына чейин уланат. "АРАКЕТ КЫЛЫП, УТУП АЛ!" акциясына катышуу абдан жөнөкөй: "Газпромнефттин" май куюучу жайларынан каалаган күйүүчү майды унааңызга куюп, ар бир куюлган 10 литр үчүн катышуучунун купонуна мөөр бастырып туруңуз. G-Drivе күйүүчү майы менен сиз утуп алуу мүмкүнчүлүгүн 2 эсеге чоңойто аласыз. G-Drivе'дын ар бир 10 литрине сыйлык катары 2 мөөр басылат. 10 мөөрдү топтогондон кийин купонду скретч-картага алмаштырып, анын кодун акциянын www.gpn-prоmо.kg сайтына каттатуу керек. Же болбосо "АРАКЕТ КЫЛЫП, УТУП АЛ!" мобилдик тиркемесине QR-кодун жазуу керек.

Автоунаадан тышкары акциянын III этабында бир катар байгелер ойнотулат:

- 5 телевизор,

- 5 ноутбук,

- 10 GergertSport спорттук велосипеддер,

- 10 Xiаоmi смартфондору,

- 10 Neoline - түндө да көрсөтө алган авторегистраторлор,

- 10 "ChаngеFitness" премиум-класстагы фитнес клубга карталар,

- 5 Neoline автомобилдик кубаттандыргычтары,

- 30 G-Drivе күйүүчү майларын алууга сертификаттар.

Жаңы Rеnаult Kаptur унаасын утуп алуу үчүн акциянын 3 этабынын биринде катталып, скретч-карта боюнча жеңүүчүлөрдүн тизмесине кирбегендер катышат.

"Газпромнефть" май куюучу жайлар тармагы "АРАКЕТ КЫЛЫП, УТУП АЛ!" акциясынын жеңүүчүлөрүн куттуктайт жана кардарларына акцияга катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирет.


кошулду
"Газпромнефть" "АРАКЕТ КЫЛЫП, УТУП АЛ!" акциясынын II этабындагы жеңүүчүлөрү аныкталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан