Кемин районунда жол кырсыгынан 3 жаштагы бала каза болду. Кырсык 25-август күнү Кемин районунан өткөн Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда катталганын 13-сентябрда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз өкүлү Тилек Оторов кабарлады.
Анын айтымында, 34 жаштагы айдоочу Тойота Гайя үлгүсүндөгү унаасын башкара албай калып жол четинде турган тосмону сүзүп алган. Натыйжада унаа ичинде бараткан 7 адамдын баары жаракат алып райондук ооруканага жиберилген.
"Кырсыктын кесепетинен 3 жаштагы бала оор жаракат алып каза болуп калган. Жол кырсыгы боюнча тергөө иштерин жүргүзүү үчүн топтолгон материалдар Кемин райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилген", - деди Оторов.