Оор жүк ташуучу унааны айдаган кыз-келиндерди көрдүңүз беле? Биздин өлкөдө мындай сейрек кездешсе керек. Ал эми Америка кошмо штаттарында кыргыз кызы Айзаада Асакеева так ушундай ары кызыктуу, ары оор жумушту аркалап келет. Каарманыбыз океандын ары жагындагы жашоосун, кесибин баяндап берди.
“Мындай унааны кыздар айдаганы көпчүлүк үчүн өөн учурашы мүмкүн, көргөндөр таң калышат, бирок мен үчүн бул иш оорчулук жаратпайт”, - дейт Айзаада.
Кызыктуу маекти “Супер-Инфо” гезитинин жаңы санынан (№828, 14-сентябрь, 2018-жыл) окуй аласыз.