"Бакай Банк" "Мен Кыргыз өлкөсүн инвестициялайм" долбоорунун кезектеги жеңүүчүсүнө 300 миң сом берди

"Бакай Банктын" "Мен Кыргыз өлкөсүн инвестициялайм" долбоорунун экинчи жеңүүчүсү "Фиеста" компаниясынын жетекчиси Алина Жыргалбекова болду. Жеңүүчүгө күрөөсүз негизде жылдык 2 пайыз үстөгү менен 300 миң сом берилди. Эске салсак, ушул жылдын март айында "Бакай Банк" ачык акционердик коомунун башчысы Аалы Уманкулов менен "Мен Кыргыз өлкөсүн инвестициялайм" коомдук бирикмесинин төрагасы Алмазбек Сүйүнбеков кызматташуу жөнүндөгү тиешелүү меморандумга кол коюшкан.
"Фиеста" компаниясынын жетекчиси Алина Жыргалбекова банкка ыраазычылыгын билдирип, өзүнүн компаниясы тууралуу буларды айтып берди.

"Бүгүнкү күндө Бишкектин базарларында белектер топтому жетишсиз түрдө сатылбайт. Кытай азык-түлүктөрү көп санда болгону менен, биздин компания тартуулоочу эксклюзивдик товарлар жок. Биздин компаниянын аталышы жарандарга идеалдуу белек берүү менен кубаныч тартуулоо дегенди түшүндүрөт. Компаниянын белектеринин сырткы жасалгасында, таңгагында хэнд-мейд элементтери колдонулган. Мисалы, сүйүү тууралуу билдирүүлөр, кол менен жасалган сүрөт альбому, дарактардын бутагы жана башка элементтери менен кооздолгон. Белек кандай адамга берилип жатканы эске алынып, ошол адамдын мүнөзүнө жараша кооздолот", - дейт ал.

"Фиеста" компаниясынын өкүлдөрү товарлардын баасы жөнөкөй калктын капчыгына ылайыктуу, жеткиликтүү баа экенин бир ооздон айтышат. Учурда товарларды сатуу интернет дүкөндөр аркылуу жүргүзүлүүдө. Бирок убакыттын өтүшү менен борбор калаада дүкөн ачуу пландалууда. Жаңы компаниянын жетекчисинин айтымында, "Мен Кыргыз өлкөсүн инвестициялайм" долбоору тууралуу капысынан эле билип калган.

"Мага долбоордун шилтемесин жиберди. Карап чыгып дароо эле анкета толтуруп койгом. 5 ай жыйынтык үчүн тыным албай иштеп, бүгүн үзүрүн көрүп, өз каражатыбызга ээ болуп турабыз. Эми биз кыялдарыбызды ишке ашырабыз", - деди Жыргалбекова.

"Фиеста" компаниясынын жетекчиси аталган долбоордун келечеги бар экенин айтып, долбоор өзүнүн ишмердүүлүгүндө ишкерлердин өнүгүп-өсүшүнө салым кошоруна ишеним артарын билдирди.

"Мен турмушумда ар кандай адамдарды кезиктирдим. Бирок бардыгы өз алдынча эмес, жалданма жумушта иштешет. Алар жогорку окуу жайды аяктаса жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт деп туура эмес ойлонушат. Анткени биздин өлкөдө жөнөкөй жарандын жеке ишкерлик кылуусуна жардам көрсөткөн платформалар жок. Бирок жеке ишкерлик менен алектенем деген айрым адамдарга колдоо көрсөткөн "Мен Кыргыз өлкөсүн инвестициялайм" долбоорунун бар экени кубандырат. Менимче, бул долбоор келечектин топ жеке ишкерлерин жаратат.

"Бакай Банк" жаңы идеяларды жана жаш стартаптарды колдогону үчүн ыраазычылык билдирем. Адамдар телефон, унаа, үй-тиричилик буюмдарын сатып алуу үчүн насыя алышат. Бирок бул пайдасыз инвестиция деп эсептейм. Менимче, "Бакай Банк" туура багытта иш алып бара жатат. Банк кызматкерлери дагы жарандар насыяны алганда пайдалуу ишке жумшап, туура пайдалануусуна кызыкдар болуп келишет. 2 пайыз үстөгү менен алган насыя эч нерсеси жокторго иш баштап, андан пайда таап, убагында кайтарып берүүгө мүмкүнчүлүк түздү. Мен келечекте кайсы банк менен кызматташуу керектигин билдим - ал "Бакай Банк". Бул банк өнүгүүнүн жаңы жолунда бара жатат. Мен "Бакай Банктын" ишмердүүлүгүнө, ишкерлерге колдоо көрсөткөнүнө ыраазымын", - дейт Жыргалбекова.

“Бакай Банк” ААКсы Кыргыз Республикасынын аймагында 20 жылдан бери иш жүргүзүп келет. Учурда 70тен ашуун аманат кассалары жана филиалдары ыңгайлуу кызмат көрсөтөт.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан