“Супер-Инфо” бул сапар ырчы, кинорежиссёр Мухтар Атаналиевдин Бишкектин четиндеги Ак-Ордо жаңы конушундагы үйүндө конокто болдук. Бул конушка жарык, суу, жадакалса жол курула элек кезде ырчы алгачкылардан болуп там салган.
“Ушул жерде ушундай тамдуу болуп калганыма азыркыга чейин таң кала берем. Биздин жер тилкебиз бул жерде эмес, арыраакта болчу. Курулуш материалдарын алып келгени кетсем, усталар башканын жер тилкесине эле тамдын пайдубалын баштап салышыптыр”, - дейт ал.
Мухтар Атаналиевдин үйү менен “Супер-Инфо” гезитинин жаңы санынан (№828, 14-сентябрь, 2018-жыл) тааныша аласыз.