Эки жыл мурун көчмөндөр оюндарында миң комузчунун жарыша “Маш ботой” черткени “мен кыргызмын!” деп төш койгулаганга караганда алда канча артык таасир эткенин көбүбүз эле күбө болсок керек. Ошол миң комузчунун башында турган комузчу Руслан Жумабаев мезгилсиз дүйнө салды.
Заманыбыздын залкар комузчусу, элибизге белгилүү "Эрке сары" сыяктуу көптөгөн күүлөрдү жараткан композиторду жакындары эскеришет.
Эскерүүнү “Супер-Инфо” гезитинин жаңы санынан (№828, 14-сентябрь, 2018-жыл) окуй аласыз.