16-сентябрь күнү төрөлгөндөр терең ойлуу, суроолуу жана чынчыл болушат.
Токтоо болуу менен бирге айланасындагылардын кулк-мүнөзүнө, жүрүм-турумуна, ички жана сырткы келбетине көз салууга, кезеги келсе сөөккө жеткире сын айтууга жөндөмдүү келишет.
Бул күнү төрөлгөндөр чындыкты бетке айтып, ошол эле учурда аз сүйлөөгө тырышат. Эмоциясы күчтүү келип ар бир адамга чын дилинен мамиле жасайт.
Эң башкысы, алардын мүнөзүн сабырдуулугу көркүнө чыгарып турат.