Өлкөнү бир күн ичинде таштандыдан тазалай турган "Дүйнөнү тазарталы!" акциясы өтчү жайлардын тизмеси

Бир күн ичинде кыргызстандыктардын 5 пайызы өлкөнү таштандыдан тазалайт - "Дүйнөнү тазарталы" деген чакырык менен 15-сентябрда акция старт алды. Ал коомчулук көп болгон жайларда топтолгон таштандыны тазалоо максатында өтүүдө. Кыргызстандын бардык облусунда миңдеген жарандар ишембиликке чыгып, айлана-чөйрөнү таза сактоого салымын кошушат.

Чоң ишембиликке өлкөнүн президенти Сооронбай Жээнбеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, Жогорку Кеңештин депутаттары, парламенттин иш башкармалыгы жана аппаратынын кызматкерлери катышат.

Дүйнөлүк Тазалык күнүнө арналган глобалдуу экологиялык акцияга 150 өлкө кошулган. Акция Чүй, Талас, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Нарын облустарында өтөт. Бир эле Кыргызстандын борбору Бишкекте жарандар 70тей локацияны таштандыдан тазалашат. Анын ичинде суу сактагычтар, капчыгайлар, сейил бак зоналары, каналдар жана токой тилкелери бар.

Уюштуруучулардын айтымында, бүт өлкөнү камтыган ишембиликке кайдыгер эмес кыргызстандыктардын 5 пайызы катышары күтүлүүдө. Демилгечилер өлкөнүн бардык жарандарын, мамлекеттик органдардын, бизнес жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн ишембиликке кошулууга чакырышууда.

"Тазалашы керек болгон жана ошол кызматты пайдаланган деп бөлүнүүнү токтотуп, аң-сезимибизди өзгөртүүбүз керек. Баарыбыз бир өлкөдө, бир планетада жашайбыз жана ар бирибиз ал үчүн жоопкерчиликтебиз. Таза өлкөдө жашоо үчүн баарыбыз кол кабыш кылышыбыз зарыл. Бул ар бирибизден көз каранды", - деди "Эко Деми" коомдук фондунун өкүлү, акциянын демилгечиси Айжан Чыныбаева.

"Эко Деми" коомдук фонду экологиялык акциянын расмий өнөктөшү. Бул кампанияны бир эле Кыргыз Республикасынын президенттик жана өкмөттүк аппараты колдобой, андан тышкары коомдук уюмдар жана бизнес өкүлдөрү колдоп жатышат. Акциянын катышуучулары жана өнөктөштөрүнүн арасында Enactus, ФРМИ, "Роза Отунбаеванын демилгеси" фонду, Борбордук Азия университети, Prego Club, Talisman Village, Club hotel Dostuk, "Шарбон", St. art Ltd, Beeline, Papa Johns, Horeca Club жана башкалар бар.

Дүйнөлүк тазалык күнү өлкөдөгү жана дүйнөдөгү экологиялык кырдаалга көңүлдү бурат. Айлана-чөйрөнүн булганганы боюнча көйгөйлөр жыл сайын миллиондогон адамдардын өмүрүн алат. Андыктан демилгечилер жарандарды акцияга кошулууга гана чакырбай, коомдук жайларды тазалыкта такай сактоо керектигин, ресурстарды ченеми менен колдонуп, аны туура утилизация кылууну ойлонууга чакырышат.

Иш-чарага катышуу үчүн сиз социалдык медиадагы (@PFecodemi) жана whatsapp'тагы группаларга кошула аласыз. Ошондой эле акциянын координаторлоруна байланышсаңыз болот. Дмитрий Андреев +996 (555) 906 556, Данияр +996 (553) 53 25 26 Чыңгыз +996 (500) 01 50 50.

Бишкек шаарындагы тазалоо үчүн тилкелердин тизмеси:

1. 1-панорама;
2. 2-панорама. Мисте талаалары;
3. 3-панорама. Флагшток;
4. Ала-Арча суу сактагычынын жогорку бөлүгү;
5. Ала-Арча суу сактагычынын ылдый жагы;
6. Таштар-Ата;
7. Чоң Чүй каналы №1. Махатма Ганди/Ленская көчөсү;
8. Чоң Чүй каналы №2. Алматы/Будёнов көчөсү;
9. Чоң Чүй каналы №2;
10. Административдик имараттын маңдайындагы сквер. "Сейтектин" батыш жагы;
11. "Ала-Арча" жаратылыш паркы, мергенчилик чарбасы.

Октябрь району:

12. "Сүйүү" сейил багы, "Пинара" мейманканасы;
13. Борбордук Азиядагы Америка университетинин аймагы, Түштүк магистраль, Токомбаев көчөсү 7/6;
14. Түштүк магистралдагы канал, Токомбаев көчөсү 7/6;
15. Түштүк магистралдын тоо тарабындагы аймак, Токомбаев көчөсү 7/6;
16. Жеңиш паркы, 10-кичи району;
17. Г.Алиев атындагы сейил багы;
18. Семетей көчөсүндөгү парк зонасы. Айтматов атындагы музейдин аймагы;
19. Семетей көчөсүнүн дарактар көп отургузулган бөлүгү;
20. Ахунбаев жана Абдырахманов көчөлөрүндөгү сейил багы;
21. Ботаникалык бак менен Ахунбаев көчөсүндөгү канал;
22. "Ата-Түрк" паркы;
23. Сухэ-Батор көчөсүндөгү каналдын жээктери
5-6-7-кичи райондор, Каралаев көчөсү;
24. Ботаникалык багы;
25. Кара-Жыгач паркы;
26 "Слоники" сквери.

Ленин району

27. Фучик паркы;
28. "Ак-Кула" ипподрому;
29. "Манас" кинотеатрынын айланасындагы сквер
30. Толстой көчөсүндөгү сквер, "Дельфин" бассейнинин аймагы;
31. Шакиров көчөсүндөгү аллея;
32. Ала-Тоо жаңы конушу;
33. №19-мектеп-интернаттын айланасы;
34. Мамакеев атындагы клиниканын парктык зонасы;
35. Л.Толстой көчөсүндөгү жылуулук өтүүчү түтүктөрдүн айланасы;
36. Леваневский көчөсү. Л.Толстой көчөсүнөн баштап Асаналиев көчөсүнө чейин;
37. Дагестан көчөсү. Айни көчөсүнөн Арча-Бешик жаңы конушуна чейин.

Свердлов району

38. Ворошилов көчөсү;
39. Пионерлер үйүнүн айланасындагы парктык зона;
40. Чыгыш-5 кичи району;
41. "Дордой" базары.

Биринчи Май району

42. Дендрарий (Горький жана Айтматов көчөлөрү, ботаникалык бак);
43. Москва жана Исанов көчөлөрүндөгү сквер;
44. Чүй кең көчөсү менен Киев көчөсүндөгү сквер;
45. Пушкин көчөсү. Жаш Гвардия бульварынан Павлов көчөсүнө чейин;
46. Батыш автобекети (Жаңы)
47. Кең-Суу көчөсү, Интергельпо көчөсүнөн Пишпек көчөсүнө чейин;
48. Калыс-Ордо конушундагы суу сактагыч;
49 Жаштар паркы, Малышев көчөсүнүн жогору жагы;
50. Жаштар паркы, Махатма Ганди көчөсү менен Жибек Жолу кең көчөсүнүн кесилиши;
51. Фрунзе көчөсүндөгү сквер; Б.Бейшеналиеванын эстелигинин айланасы;
52. №4-оорукананын аймагындагы сквер;
53. Л.Толстой жана Жаш Гвардия бульварындагы каналдын жээктери;
54. Профессор Зима көчөсүндөгү бак. Чоң Чүй каналынын жээктери;
55. Щербаков жана Манас көчөлөрү;
56. Түлөбердиев жана Кокчетау көчөлөрү;
57. Сыдыков көчөсү, Жаш Гвардия бульвары;
58. №37-мектепке чейинки канал (Физприборы);
59. Темир жолдун аймагы. Л.Толстой көчөсү Абдырахманов көчөсүнөн ЖЭБге чейин;
60. Шакиров көчөсүндөгү аллея.
61. Аска-Таш. Инсталляциядан кийинки аймак;
62. Жылуулук түтүктөрү кеткен аймактын айланасы, Манас кең көчөсүнөн Тимирязев көчөсүнө чейин, Л.Толстой көчөсүнөн Линейная көчөсүнө чейин;
63. Абдрахманов жана Ауэзов көчөлөрү;
64. Көлмө жаңы конушу;
65. Ак-Босого жаңы конушу;
66. Ак-Өргөө жаңы конушу;
67. Достук кичи району;
68. Аскер шаарчасы.

Ысык-Көл облусундагы тазалоо үчүн тилкелердин тизмеси:

69. Кара-Талаа айылы;
70. Кызыл-Туу айылы;
71. Кажы-Сай айылынан чыккандагы 101-102, 103-104 чакырым аралыктар;
72. Тосор айылынын 117 чакырым аралыгы;
73. Тамга айылынын 127, 137-138 чакырым аралыктары;
74 Кызыл-Суу айылындагы көл жээги;
75. Каракол шаары. Пушкин атындагы сейил багы, Жеңиш паркы;
76. Бөкөнбаев айылы;
77. Барскоон айылы. Ак-Терек айылынын 156-157 чакырым аралыктары.

Баткен облусундагы тазалоо үчүн тилкелердин тизмеси:

78. Лейлек районундагы Арка айылы;
79. Кулунду айылы;
80. Исфана шаары;
81. Сүлүктү шаары;
82. Кадамжай шаары;
83. Кызыл-Кыя шаары;
84. Жийделик айылы.

Ош облусундагы тазалоо үчүн тилкелердин тизмеси:

85. Ош шаары, "Мээрим" сейил багы;
86. Кызыл-Кыштак жана Шикаван айылдарынын көчөлөрү.

Жалал-Абад облусундагы тазалоо үчүн тилкелердин тизмеси:

87. Жалал-Абад шаары, аэропорттон Спутник кичи районуна чейин;
88. Сузак айылы;
89. Майлуу-Суу шаары;
90. Аксы району.

Ишембиликке таң эрте чыга албаган адамдар бүгүн кечке чейин өзүнө ыңгайлуу болгон аймактарга чыгып акцияга катышса болот.

Эл менен бирге өлкө башчысы ишембиликке чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан