"Кумтөрдө" геочалгындоо иштери башталды

Centerra Gold Inc. («Центерра Голд») компаниясынын президенти жана Башкы кызмат адамы Скотт Пери "Кумтөр Голд Компани" ишканасындагы экинчи чейректеги жыйынтыктарын төмөндөгүдөй айтып берди:

"Кумтөрдөгү" катмар боюнча минералдашуу тармагындагы потенциалдуу запастарды эксплуатациялык жеткире чалгындоонун алкагында Центерранын Директорлор кеңеши чейрек ичинде жалпы көлөмү 60 миң метр болгон бургулоо иштеринин эки жылдык программасын бекитти.

Бул иштерди жүргүзүү орду болуп карьердин борбордук, түштүк-батыш жана Сары-Төр участоктору, ошондой эле түндүк-чыгыш максаттуу аймагы аныкталды.

Геочалгындоо программаны каржылоого жылдар боюнча төмөнкүдөй: 2018-жылы 6,5 миллион доллар жана 2019-жылы 11,5 миллион доллар бөлүштүрүү менен жалпы көлөмдө 18 миллион доллар чегерилген".

Кыргыз Республикасы "Кыргызалтын" ААКсы аркылуу 77 401 766 акция үлүшү менен "Центерранын" эң ири акционери.

“Центерра” жөнүндө кошумча маалымат www.kumtor.kg сайтында.

Электрондук дарек: media@kumtor.com

: @kumtorgold

: @KumtorKG

:Kumtor Gold


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан