157 мамлекетте өткөн "Дүйнөлүк тазалык күнү" акциясында кыргыз эли активдүүлүгүн көрсөттү

18-сентябрда “Дүйнөлүк тазалык күнү” глобалдык экологиялык жарандык акциянын алкагында өткөн ишембиликтин жыйынтыгы чыгарылды. Белгилүү болгондой, акцияга өлкө боюнча 400 миңге жакын жаран катышкан. Алар 8 миллион килограммга жакын таштанды чогултушкан. Таштандылардын жарымы желим, төрттөн бир бөлүгү айнек, калган 25 пайызы ар түрдүү заттар болгон.

Кыргыз мамлекетинде акциянын “Эко Деми” коомдук фонду уюштурду. Фонддун төрайымы Айжан Чыныбаева иш-чараны колдоого алган коомдук уюмдарга, мектеп окуучуларына, студенттерге, мамлекеттик мекемелердин жана жеке ишканалардын кызматкерлерине, диний ишмерлерге ыраазычылыгын билдирди.

Ал "Дүйнөлүк тазалык күнү" Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустарында кызуу өткөрүлгөнүн баса белгиледи. Ошондой эле Бишкектин тургундары эс алуучу жайлар, каналдын жээктери жана суу сактагычтар болуп жалпы 70ке чукул жерди тазалаганын кошумчалады.

"Биз алдын ала калктын 5-10 пайызы катышса керек деп күтүп жатканбыз. Көрсөткүч 7 пайыз болду. Биз алдыга койгон максатыбызга жеттик. Албетте, мында президент Сооронбай Жээнбековдун катышып бергени маанилүү роль ойноду. Башка мамлекеттерден айтсак акцияга Норвегиянын падышасы, Швециянын ханзаадасы, Израилдин премьер-министри дагы катышты. Дүйнө боюнча 157 өлкөдө акция болсо, баары биздин өлкөдөгү жарандардын активдүүлүгүн белгилеп, алкыш айтышууда", - деди Айжан Чыныбаева.

“Эко Деми” коомдук фондунун мүчөсү Гүлбарчын Сүйүнова ушул сыяктуу акциялар мындан ары да уланарын айтты. "Акциядан биз күтүп жаткан эффектти көрө алдык. Жарандардын активдүүлүгү быйыл 7 пайыз болсо, кийинки жылы 20 пайыз болот деп ишенебиз. Мындан сырткары 2019-жылы 15-апрелде Дүйнөлүк Жер күнүнө карата да акция уюштурууну пландап жатабыз", - деди ал.

Маалымат жыйын учурунда "Let's Do It World" глобалдык экологиялык кыймылдын расмий өкүлү Пол Эммет Эстониядан видео аркылуу байланышка чыгып акция тууралуу пикирин билдирди. "15-сентябрда акцияны кабыл алып, активдүү өткөргөнүңүздөр үчүн рахмат. Мен Таллинде турам. Акция өткөн бардык мамлекеттерден маалыматтарды алып жатабыз. Кыргыз эли катышуучулардын саны боюнча алдыда. Бардык катышуучуларга ыраазычылык айтам", - деди Пол Эммет.

Акцияны эстрада ырчылары да колдоого алышты. Ырчы Арсен, Айбек Замиров жана рэп аткаруучулар Баястан менен Бегиш "Таза жаша" деген ырды аткарышты.

Рэп аткаруучу Баястан Ботоканов "Тазалык - ден соолуктун булагы. Мен таза шаар үчүнмүн. Бегиш бул ыр тууралуу айтканда эле сунушту сүйүнүү менен кабыл алдым. Ар бирибиз тазалыкты өзүбүздөн баштап, ушундай акцияларды колдошубуз керек деп ойлойм. Сөздүн тексттери менен оюбузду жеткирели дедик" деп ырдан үзүндү окуп берди.

Ошондой эле акциянын алкагында тартылган социалдык ролик да көрсөтүлдү. Видео кичинекей бала атасы менен эс алуучу жайды таштандыдан тазалап жатканы менен башталат. Атасы жердин кооздугуна суктанып келген эл кайра ал жерди таштандыга толтуруп кетип жатканын айтып кейийт. "Мага бирөө ата мекен десе жашыл чапанчан, ак калпак кийген аксакалды элестетем" деген кичинекей бала үстүнө таштанды ыргытылган чоң атаны таштандыдан тазалап, бетин сылап кайра жолун улайт.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tular
2018-09-19 15:12:37
Эн жакшы. Бирок ар бирибиз таза журсок, мекенибиз булганбайт эле...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан