"Бакай Банк" "Мен Кыргыз өлкөсүн инвестициялайм" долбоорун аймактарда улантууну колдойт

"Бакай Банк" "Мен Кыргыз өлкөсүн инвестициялайм" долбоорун аймактарда улантууну колдойт. Бул тууралуу 19-сентябрда "Бакай Банк" ачык акционердик коомунун төрагасынын кеңешчиси Болот Таалайбек жана долбоордун автору Чыңгыз Макешов маалымат жыйында билдирди.

Болот Таалайбектин айтымында, "Бакай Банк" жаш ишкерлерди колдойт жана биздин өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртууга кызыкдар. Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө "Бакай Банк" "Мен Кыргыз өлкөсүн инвестициялайм" долбоорунун 7 жеңүүчүсүнө алардын бизнес-идеяларын өнүктүрүүгө жана ишкерлер менен кызматташууну колдоого 4 миллион 401 миң сом берди.

"Биз "Мен Кыргыз өлкөсүн инвестициялайм" коомдук бирикмеси менен кызматташуу тууралуу меморандумга март айында кол коюп, өнөктөш болдук. Эң башкысы, бул социалдык долбоор, уникалдуу бизнес-идеялар. Бул аракеттер жергиликтүү каржы тармагын өнүктүрүүгө жакшы жемишин берет жана өнүктүрүүгө жол ачат деп ишенебиз", - деди Болот Таалайбек.

Долбоордун автору Чыңгыз Макешов "Мен Кыргыз өлкөсүн инвестициялайм" долбоорун аймактарда өнүктүрүүнүн 3-сезону жакынкы күндөрү старт ала турганын кошумчалады. Долбоордун уюштуруучулары өлкөнүн 7 дубанынан эң мыкты стартап-долбоорлорду тандап алышат.

Ар бир облустан эң мыкты делген 5 долбоор тандалып, жалпысынан 35 катышуучу иргелет. Бизнес баштоочулардан арыздар 15-октябрга чейин кабыл алынат. Тандалып алынган катышуучулар бир жумалык бизнес-тренингден акысыз өтүп, өлкөдөгү эң ийгиликтүү делген ишкерлерге шакирт болот. Мындан тышкары өзүнүн долбоорун инвестициялоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

"Биз өнөктөшүбүз "Бакай Банкка" өзгөчө ыраазычылык билдиребиз. Аталган мекеме башталгыч ишкерлерге 2 пайыздык үстөк акысы менен, күрөөсүз насыяны 3 жылдык мөөнөттө берип жатат. Бул абдан жакшы шарт", - дейт Макешов.

"Бакай Банк" ачык акционердик коомунун жетектөөчү адиси Нурдин Темирбек уулу белгилегендей, "Бакай Банк" "Мен Кыргыз өлкөсүн инвестициялайм" долбоорунун алкагында уникалдуу бизнес идеялардын ишке ашышына көмөк берип жатат.

"Биз өз кезинде долбоордун жеңүүчүлөрүн андан ары камсыздоо үчүн алардын бизнес-долбоорлорун тыкыр иликтеп, анын финансылык моделин анализдеп чыгабыз. Бул багыт Кыргыз өлкөсүндөгү коммерциялык банктар арасындагы жаңы жагдай, бул жагдайда биринчилерден болуп башталгыч ишкерлерди күрөөсүз түрдө каржылап жатабыз. Уникалдуу бизнес идеялары бар жаштарга колдоо көрсөтүү менен Кыргыз мамлекетинин экономикасынын байкаларлык деңгээлде өсүшүнө салым кошобуз деп ишенебиз", - дейт Темирбек уулу.

Белгилей кетсек, "Мен Кыргыз өлкөсүн инвестициялайм" долбоору 2016-жылдан бери иштеп, 20дан ашык бизнес баштоочулардын ишкерчиликти баштоосуна жардам көрсөттү.

"Бакай Банк" ААКсы Кыргыз Республикасынын аймагында 20 жылдан бери иш жүргүзүп келет. Учурда 70тен ашуун аманат кассалары жана филиалдары ыңгайлуу кызмат көрсөтөт.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан