Ысык-Көл облусунун Григорьевка айылынын 8 жашар тургуну Медина Каныбекова ойноп жатып колун сындырып алып, ошондон улам каза болду. Кыздын чоң энеси күнөөнү врачтарга коюп жатат. Врачтар болсо күнөөнү өздөрүнөн алыс түртүүдө. Окуяны иликтеп көрдүк.
Алмончоктой кызынан айрылып, каңырыгы түтөп турган Нурсулуу Жумабаева: “Врачтардын шалаакылыгынан татынакай кызымдан айрылып калдым. Азыр да бул кабарга ишене албай, кызымды келип калат деп күтүп жатам”, - дейт.
Кичинекей кыздын өлүмүнө дарыгерлер күнөөлүбү? “Супер-Инфо” гезитинин жаңы санынан (№829, 21-сентябрь, 2018-жыл) окуй аласыз.