Илим-техника өнүгүп жаткан чакта ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер өзүн-өзү тейлей алуусу үчүн жакшы технологиялар ойлоп табылууда. Алардын бири – бионикалык кол. Мындай “акылдуу” протез кол, кыскача айтканда, адамдын мээси менен башкарылат жана кадимки кол ордуна пайдаланылат. Кыргызстандык программисттер да чет өлкөлөрдөн кем калышпай, андай колдон үчөөнү жасап чыгарышып, Бишкекте өткөн пластикалык хирургдардын эл аралык конгрессинде экөөнү көрсөтүшүп, жакшы пикирлерге татыды.
Бионикалык 3 колду тең жасап, учурда алардын түзүлүшүн өнүктүрүп, жакшылап иштеп жатышкан программист жигиттердин маегин “Супер-Инфо” гезитинин жаңы санынан (№829, 21-сентябрь, 2018-жыл) окуй аласыз.