Азыркы заманбап дүйнөдө бардык эле учурда мурдагы күнүмдүк милдеттерди аткарууга убакыт жетпей калат. Мисалга алсак, коммуналдык кызматтарга, ТВ же интернетке төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн көбүнчө почта бөлүмдөрүн же терминалдарды издөө муктаждыгынан улам алар кийинкиге калтырыла берет. Так ошондуктан төлөмдүн көнүмүш, салттуу ыкмаларынын ордуна төлөм процесстерин бир кыйла жеңилдетүүчү инновациялык түрлөрү пайда болду. Бул ыкмалардын бири былтыр күздөн баштап колдонуучулардын ишенимине жана сүймөнчүлүгүнө ээ болгон "О!Деньги" электрондук капчыгы болуп калды.
"О!Деньги" төлөм куралы жакын мезгилге чейин О! мобилдик операторунун абоненттерине гана жеткиликтүү болчу, бирок азыр анын мүмкүнчүлүктөрү Beeline жана MegaCom операторлорунун миллиондогон абоненттери үчүн дагы ачылды! Кайсы операторду тандаарыңыз маанилүү эмес, тиркемени жүктөө, катталуу үчүн өз мобилдик номерин киргизүү жетиштүү - "О!Деньги" электрондук капчыгынын бардык кызматтары сиз үчүн дал ошол мүнөттөн баштап жеткиликтүү боло баштайт!
Эми ар бир кыргызстандык колундагы смартфону менен үйдө отуруп же иш кеңсесинен төмөнкү кызматтарды оңой жана тез бүтүрө алат:
✔ "Народный" жана Globus маркеттеринин тармагынан сатып алууларын төлөө;
✔ Коммуналдык кызматтарга, интернет жана кабелдик телевидение үчүн төлөө;
✔ Каалаган мобилдик телефондун балансын толуктоо;
✔ Электрондук капчыкты банктык картанын жардамы менен, же О! терминалдар түйүнүндө комиссиясыз толуктоо;
Жаңы абоненттер, алдыңкы колдонуучулардын катарына кош келиңиздер! "О!Деньги" тиркемесин PlayMarket же App Store платформаларынан жүктөп алыңыз да, мезгил менен бирге кадам таштаңыз!
Маалымат үчүн:
Сервис тууралуу толук маалымат жана көп берилүүчү суроолордун жооптору dengi.kg сайтында жайгаштырылган.