Өлкөнүн түштүгүндө Beeline 20 жылдык мааракесин белгилейт

25-сентябрдан 30-сентябрга чейин Beeline компаниясы Кыргыз өлкөсүнүн түштүк аймагына эстрада ырчыларынын катышуусунда концерттерди уюштурат. Салтанаттуу иш-чаралар Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Кызыл-Кыя шаарларында компаниянын 20 жылдыгынын урматына, "Рахмат!" кампаниясынын алкагында өткөрүлөт.

Салтанатка белгилүү эстрада ырчылары жана хип-хоп аткаруучулар - Бегиш, Баястан, Нурлан Насип жана Асел Кадырбекова катышат. Майрамдык концерт өтүп жатканда катышуучуларга сынактар жана байгелүү утуштар ойнотулат.

"Кыргыз өлкөсүндөгү рынокто 20 жыл иш жүргүзүп, бул убакыт аралыгында бир топ тажрыйба топтодук. Мунун баары биздин кардарлардын жардамы менен. Биз кардарлардын талаптарына ылайыктап жаңы ыңгайлуу тарифтерди иштеп чыгуудабыз жана шарттарды жөнөкөйлөтүп келебиз. Анткени биздин максат - кыргыз элинин жашоо-шартын санариптик технология аркылуу жакшыртуу. Beeline'дын кызматтары жана товарлары калк үчүн пайдалуу, актуалдуу жана ыңгайлуу болушу үчүн биз инновацияны коомчулуктун бардык катмарына жайылтууну пландап жатабыз", - дейт компаниянын башкы директору Ернар Накисбеков.

Иш-чаранын жүрүшүндө компаниянын жаңы товарлары жана кызматтары керектөөчүлөргө тааныштырылат. Beeline'дын кызматкерлери кардарларга Leti.kg долбоору, бардык төлөмдөрдү жүргүзүүгө мүмкүн болгон Balance тиркемеси, Beeshop маркетплейси жөнүндө айтып беришет.

Ал эми "Рахмат!" кампаниясынын алкагында Beeline өлкөдө жаңы "Жөнөкөй" тарифин ишке киргизди, анын кызматтары жөнөкөй, интернети жана компаниянын абоненттерине чалуу чектелген эмес. Мындан тышкары тармактын керектөөчүлөрү 131 өлкөдө чексиз интернетти жана роумингди колдоно алат. Beeline'дын командасы бардык мекендештерди компаниянын 20 жылдык мааракесин биргеликте белгилөөгө чакырат.

Beeline өткөрүп жаткан концерттердин расмий өнөктөшү Huawei корпорациясы, аталган корпорация да салтанатка келген конокторго байге, белектерди камдаган.

Beeline сиздерди 25-26-28-30-сентябрда саат 17:00дө күтөт.

25-сентябрда Жалал-Абад шаарындагы борбордук аянтта;

26-сентябрда Ош шаарындагы борбордук аянтта,

28-сентябрда Кызыл-Кыя шаарындагы борбордук паркта;

30-сентябрда Баткен шаарындагы борбордук аянтта концерттер өткөрүлөт.

Кирүү акысыз.


кошулду
Beeline 20 жашта! Шоу-концертти өткөрүп жибербеңиз
Beeline'дын туулган күнүнө карата шоу-концерт!
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан