"Бакай Банк": Алтынга инвестиция кылуу – бул салык салынбаган киреше

Валюта рыногунун туруксуз болгон мезгилинде инвесторлордун көбү алтындын курсуна багыт алып, металлдын туруктуу рыногуна өз каражатын жумшоону туура көрүшөт. Валютанын курсу төмөндөгөндө эреже болуп калгандай эле алтындын баасы өсөт. Ошондуктан баалуу металл үчүн акчаны жумшоонун жогору ишенимдүү болгону мүнөздүү, ал кымбаттоо тенденциясына ээ же жок дегенде баасын сактап калат.

Инвестициянын мындай ыкмасы бүгүн кыргызстандыктарга да ачык. Мекендештерибизде акчаны алтынга салуу мүмкүнчүлүгү болгону 3 жыл мурун пайда болгон, бирок азыркы тапта ал мүмкүнчүлүк калктын арасында популярдуу. Бул инвестициялык инструмент өлкөбүздүн жашоочуларын эмнеси менен кызыктырат жана сары металл менен чынында канча акча табууга болорун “Бакай Банк” ААКсынын казына башчысы Дайыр Ахмедалиев айтып берди.

- Банк качантан бери Кыргызстандын Улуттук банкынын өлчөнгөн алтын куймаларын сатып баштады?
- Республикадагы коммерциялык банктардын ичинен биринчилерден болуп “Бакай Банк” Улуттук банктын өлчөнгөн алтын куймаларын сатуу боюнча операциялар менен алектене баштаган. Адегенде мындай алып-сатуу ишин жүргүзүүгө укук берген Улуттук банктын лицензиясын алдык. Кийин 2016-жылдын июнь айында биздин банкта алтын куймаларды сатып алууга мүмкүн болуп калды. Азырынча бул кызмат бардык бөлүмдөрдө жок, бирок акырындык менен аймактарда да алтын менен болгон операцияларды киргизүү планы бар.
- Акчаны алтын куйма иретинде сактоо эмнеси менен кирешелүү?
- Мындай капиталдык салымдын башкы жетишкендиги – бул кайра сатып алуунун кепилдиги. Ал аталган финансылык инструменттин өтүмдүүлүгүн бир топ жогорулатат. Алтынга инвестициялык салымдын дагы бир пайдасы – бул биздин өлкөдө өлчөнгөн алтын куймаларына байланышкан операциялар кошулган баага жана сатуудан түшкөн салыктан бошотулган.
- Алтын куйма десе, баасы өтө кымбат болушу керек деп элестетебиз. Карапайым адам сатып ала алабы?
- Алтын куйманын ассортиментин карай келгенде, ал кымбат металлды керек болсо, студент да сатып алууга мүмкүн экенин көрүүгө болот. Сатыкта арзан болгон бир, үч жана беш граммдык салмактагы куймадан бир топ акча керектелген унцияга (31 грамм) чейинки куймалар бар. Ар бир куйманын аныктыгы жана сапаты атайын капталган сертификаты менен тастыкталат.
- Бул куйманы каптамасынан чыгарбоо керек дегенди билдиреби?
- Ооба, ошондой. Эгерде сиз куйманы сатып ала турган болсоңуз, анын каптамасы бүтүн болушу керектигин эстен чыгарбоо керек. Ал кокус куйманы сатып калсаңыз, банк милдеттүү түрдө алтынды кайра сатып алат деген кепилдик. Сертификатка зыян келтирилсе, анда тыкыр экспертиза жүргүзүү керек болот. Ал куйманын баасына жараша 9-11 пайызга бааланып, 10 күнгө чейинки убакытты алат. Андан кийин гана сатууга болот.
- Куйманын өзү канчалык бекем?
- Алтындын жогорку пробасы анын ашкере жумшактыгын шарттайт. Бет маңдайы манжанын, кебездин, кагаздын тийгенинен деле чийилип калат. Металлга зыян келтирилгенде ал өз баалуулугун жоготот. Ошондуктан куймалар анын документтери менен кошо кылдат мамилени талап кылат.
- Куймаларды инвестиция кылууга эле сатып алышабы?
- Бүгүнкү күндө биздин банкта 5, 10 граммдык жана унция салмагындагы куймалар эң өтүмдүү. Аларды көбүнчө белекке, ошондой эле коллекциялык монета иретинде да сатып алышат.
- Куйманы кайсы валютада сатып алууга болот?
- Бул операциялар боюнча эсеп сом менен жүргүзүлөт. Өлчөнгөн куймалардын баасы кымбат баалуу металлдын эл аралык рыногундагы бааларга жараша дээрлик күн сайын өзгөрөт. Төлөм накталай жана накталай эмес формада кабыл алынат.
- Куйманы сатып алгандан кийин аны сиздердин банкта сактоого калтырууга болобу?
- Ооба, банк кымбат баалуу металлды сактоо боюнча кызмат көрсөтөт. Ал үчүн жоопкерчиликке алынуучу коргоодогу эсеп ачуу керек. Кызматтын баасы суткасына 15 сом. Бир ячейкага сактоо калтырылган куймалардын саны боюнча чектөө жок.
- Алтын куймалар менен канча акча тапса болот?
- Айтуу оор. Баары алтындын сатып алынып жаткан жана сатып жаткан баасынан көз каранды. Алтын куймаларды сатуу боюнча кызматты биздин банк көрсөтүп баштагандан бери алтындын баасы 15-20 пайызга көтөрүлдү.
- Алтын куймаларына инвестиция кылуунун башка альтернативасы барбы?
- 2017-жылдын сентябрь айында “Бакай Банк” Кыргызстандагы банктардын ичинен биринчи болуп ээси көрсөтүлбөгөн металлдык эсептер менен операция жүргүзүүгө кошумча лицензия алган. Бул кардарларга ээси көрсөтүлбөгөн формада алтын сатып алуу мүмкүнчүлүгүн берет. “Бакай Банк” ААКсынын бардык продуктулары менен кардарлар биздин www.bakaibank.kg сайтынан тааныша алышат.
- Мындай эсептин артыкчылыгы эмнеде?
- Эсепти каалаган иш күнүндө ачып, жапса болот. Ээси көрсөтүлбөгөн алтынды сатып алып жатып, кардар алтынды куймага кайра эритүүдө, каптоодо, Улуттук банктын алтын маржасына ашык төлөбөйт. Мындай эсепти ачуу жана кызмат көрсөтүү “Бакай Банкта” бекер жүргүзүлөт. Эсепти ачуу үчүн биздин банктардын бөлүмүнө паспорт менен кошо келүү эле жетиштүү. Кенен маалымат алуу үчүн биздин сайттагы ушул шилтемеге баш багыңыз: http://www.bakai.kg/ru/private/Mernye_slitki_iz_zolota/

Өлчөнгөн куймаларды сатып алуу боюнча суроолоруңуз бар болсо, анда бул номерге кайрылыңыз: 0 (312) 31-14-86 же бул номерге чалыңыз: 0 (312) 61-00-61, мобилдик телефондон: 6111, WhatsApp +996 (554) 00-61-11.

“Бакай Банк” ААКсы 20 жылдан бери Кыргызстандын тургундарына финансылык кызмат көрсөтүүнүн кенен тармагын жүргүзүп келет. Азыркы тапта өлкөнүн бардык аймактарында банктын 70 сактык кассалары менен филиалдары тез жана ыңгайлуу тейлөөнү камсыздайт.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан